ФотоWWW
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.
Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
(Автор:sputnik / Редактор:GL)