Маалымат катчы Сооронбай Жээнбековдун учурда кайда экенин айтты
ФотоWWW
Жээнбеков саясий күчтөрдү Кыргызстандын жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн акыл-эстүүлүк кылууга чакырып жатканын айтышат. Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте жүрөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Жээнбеков саясий күчтөрдү Кыргызстан жана анда жашаган жарандар үчүн акыл-эстүүлүк кылууга чакырып жатат деп айтышты.
"Учурда президент Бишкекте", — деди Стамалиева.
Ошондой эле ал Жээнбеков учурда кырдаалды көзөмөлгө алып, саясий күчтөр коомду бөлүп-жарууга жол бербейт деген ишенимин билдиргенин айтты.
Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.
(Автор:sputnik / Редактор:GL)