Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы каттам 20-сентябрда жанданат
ФотоWWW
Коронавируска байланыштуу өлкөлөр ортосундагы каттамдар токтотулган болчу. Жакында эле Москвада эки өлкөнүн ТИМ башчылары жолугушуп, аталган маселени талкуулаган.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туруктуу авиакаттам 20-сентябрда жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, Алматы — Бишкек — Алматы каттамы "Эйр Астана" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолу, шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып турмакчы.
Белгилей кетсек, 9-сентябрда Москва шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен жолугуп, мамлекеттер ортосундагы рейстерди калыбына келтирүүнү кеп кылышкан.
(Автор:sputnik / Редактор:GL)