6-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды – жалпы 1974
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 6-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 974 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 360 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Бир сутка ичинде Бишкек шаарында - 9, Ош шаарында - 11, Ош облусунда - 2 учур, Нарын облусунда - 3, Чүй облусунда - 10, Баткен облусунда - 1 жана Жалал-Абад облусунда - 2 учур коронавирус илдети менен жаңы катталды. Бул учурлардын 29у үй карантининде турган жарандардан, 3 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталды. Калган 6 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.
Республика боюнча бир күндө 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 14, Нарын облусунан 3, Ош облусунан 3 бейтап.
Ал эми, медкызматкерлер арасында Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир, Ош шаарында 7, Нарын облусунда бир медкызматкер аталган илдетти жуктуруп алды. Стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 389 учур катталып, 273ү оорудан айыккан.
Учурда, ооруканаларда 592 адам дарыланууда. Алардын ичинен 11 адамдын абалы оор, эки киши реанимацияда жатат. 95 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 486 бейтап канааттандырарлык абалда”, - деп маалымат берди.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 194 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 736 адам жатат.