29-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 68 жаӊы учуру катталды – жалпы 1662

29/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

29-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 68 жаӊы учуру катталды – жалпы 1662

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 29-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 68 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 662 бейтап болду. Алардын ичинен 1088 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Катталган жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында – 9, Чуй облусунда - 5, Ош шаарында – 2, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 4 учур бар. Муну менен катар эле, 26 учур Россиядан келген курсанттардан табылса, дагы 21 учур Россиядан келгендердин  ичинен аныкталды. Алар боюнда бар 11 аял жана 10 студент. 

Кыргызстанда бир күн ичинде 22 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 16, Нарын облусунан 5, Ош облусунан 1 киши. 

Республика боюнча коронавирус жуктурган 558 адам ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 10 адамдын абалы оор, алты киши реанимацияда жатат. 88 адамдын абалы орточо оордукта деп айтылса, 460 бейтап канааттандырарлык абалда.  

Өлкөдө сутка ичинде Бишкек шаарында 3, Ош шаарында бир медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, Нурболот Үсөнбаев Бишкек шаарында коронавирусту кайдан жуктуруп алгандыгын билбеген учурлар дагы катталып жаткандыгын билдирди. Ошондуктан, жалпы элди сыртка чыкканда аралыкты сактап, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге баш ийүүгө чакырды. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 222 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 467 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)