28-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 74 жаӊы учуру катталды – жалпы 1594
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 28-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 74 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 594 бейтап болду. Алардын ичинен 1066 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы учурлар Бишкек шаарында– 11, Чүй облусунда - 1, Ош шаарында – 35, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда - 13 учур катталды. Ошондой эле Россиядан келген курсанттардын арасынан 10 учур табылды.
Кыргызстанда бир күндө 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 9, Нарын облусунан 12, Жалал-Абад облусунан 1, Ош шаарынан 1 бейтап.
Республикада сутка ичинде 27 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алар Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 15, Нарын облусунда 7 медкызматкер. Ал эми бейтапканалардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Ошондо, Кыргыызстан боюнча коронавирус жуктурган учурлардын саны 326га жетти. Алардын ичинен 247си айыкты.
Өлкө ичинде коронавирус жуктурган 512 адам ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, алты киши реанимацияда жатат. 88 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 412 бейтап канааттандырарлык абалда”, - деп маалымат берди.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 184 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 648 адам жатат.