Сүрөт интернеттен алынды
21-майдан тарта ачыла турган тармактар эки этапка бөлүндү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык-штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин, эксперттик топтордун берген сунуштамалары боюнча 21-майдан тарта ачыла турган тармактар экиге бөлүндү.
21-майдан тарта ишин жанданта турган тармактар:
1.Калкты тейлөө борборлору (бардык тармактар боюнча);
2.Калкты тиричилик жактан тейлөө борборлору (саат, бут кийим оңдоо);
3.Эмерек чогултуу жана оңдоо ишканалары;
4.Соода борборлору (ичиндеги балдар оюн-зоок аянтчалары жана коомдук тамактануу жайлардан тышкары);
5.Азык-түлүк эмес товарларды сатуучу дүкөндөр жана пункттар;
6.Унаа жана мал базарлар;
7.Жеке менчик репетитордук кызматы көрсөтүү;
8.Менчик мончо жана СПА борборлору (коомдук мончо жана сауналардан тышкары);
9.Мейманканалар (машыгуу залдары жана бассейндер иштебейт).
Ал эми, коомдук транспорт Бишкекте 25-майдан тартып жүрө баштайт. Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлмакчы. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү болот. Бул айдоочуга жана ишкана ээсине коюлучу талап болуп саналат.