Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
Эске сала кетсек, 14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 11 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 430га жетти. Илдеттен 71 адам айыкса, вирус жуктурган 5 адам көз жумду.