28-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок
Сүрөт интернеттен алынды
28-мартка карата Кыргызстан боюнча коронавирус боюнча жаңы учурлар катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы штаб башчысынын орун басары Мамбетов Касымбек Бейшенбекович билдирди.
2020-жылдын 28-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.
Касымбек Бейшенбекович: “Учурда, саламаттыкты сактоо кызматкерлерин дагы бул жаатта окутуу иштери жүрүп жатат. Себеби, бул жаңы учур. Ошондуктан, аны дагы окуп-үйрөнүп, тереңдеп изилдөө зарыл. Дарыгерлер толугу менен керектүү жабдыктар менен камсыз болгон. Ал жабдыктар күн сайын ар түрдүү булактардан келип жатат. Биз аларды бөлүштүрүп жатабыз. Экспресс-анализдер дагы жетиштүү. Жаңы медициналык аппараттарга дагы буйрутма бергенбиз. Кийинки жума дагы алар толукталмакчы. Учурда, алар жетиштүү”,-деп маалымат берди.