Сүрөт редакцияга таандык
Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрь күнү «Кабар» маалымат агенттигинин пресс-конференция залында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин акыркы 10 ай аралыгында аткарган иштери боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Бул иш-чарага аталган министрликтин бөлүм башчылары менен бирге министрдин орун басары Жаныбек Керималиев катышты.
Алгач, Жаныбек Калканович министрликтин 10 ай аралыгындагы ишмердүүлүгү менен толук тааныштырып, андан соң журналисттерди кызыктырган суроолорго тиешелүү бөлүмдүн башчылары жооп беришти.
Жыйында маалым болгондой, 2019-жылдын 10 айдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 192 млрд.597,8 млн.сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 101,8 пайызды түзгөн. Анын ичинен 84 млрд.520,5 млн.сомдук мал чарба продукцияларынын өсүү темпи 102,3 пайызды түзсө, талаачылыкта 103 млрд.357,4 млн сомдук продукциялар өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 101,4 пайызга аткарылган.
Быйылкы жылы республика боюнча 1216,7 миң гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү себилип, өткөн жылдан 2,0 миң га көбөйүп, ал эми иштетилбей калган жер 2018-жылга салыштырмалуу 4,0 миң га жерге кыскарган.
Өсүмдүктөрдүн ичинен мөмө жемиштердин дүң жыйымы 317,4 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 18,3 миң тоннага көбөйгөн. Ал эми жашылча- 1104,8 миң тоннага, пахта-78,7 миң тоннага, жалпы дан 1,0 млн. 955 миң тоннага, анын ичинен жүгөрү- 720,1 миң тоннага жетип, арпа даны өткөн жылга салыштырмалуу 31,3 миң тоннага көп болду.
Республиканын облустарынын ичинен буудай, жашылча, пахтадан эң жогорку түшүмдүүлүккө Жалал-Абад облусунун дыйкандары жетишишти. Ал эми Чуй облусунун кызылчачылары гектарынан 517,0 центнерден, же былтыркыдан -45,0 центнерге көп түшүм алышкан.
Бүгүнкү күндө министрлик инновациялык технологиянын алдыңкы ыкмаларын кеңири колдонуунун эсебинен айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча иш тажрыйба менен алмашууну ишке ашырууну колго алгандыгын маалымдады.
Окумуштуулардын жана практиктердин пикирлери боюнча дыйкан жана фермерлер кондициядан өтпөгөн начар үрөндөрдү сепсе, анда айыл чарбасындагы бардык инновациялык жетишкендиктер жана илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктери жараксыз болоору айтылды.
Жаныбек Керималиев, КРдин Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин орун басары: «Башка мамлекеттер кире албаган кытай рыногуна биздин айыл-чарба продукциялары кире баштады»
-Он айдын ичинде инновациялык технологияларды жайылтуу жакшыртылып- 1142 чарбакер субьектиси 2425,5 га жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотулса, 2525 даана ар түрдүү типтеги күнөсканалар 191,3 гектар аянтта ишке киргизилди. Ал эми өсүмдүктөрдүн карантини тармагында учурда республиканын чек араларында 3 өлкө менен 15 фитосанитардык өткөрүү пункту жайгашкан. 4 өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораториялар Бишкекте (Борбордук), Ош шаарында , Таласта жана Ысык-Көлдө иштеп жатат.
Нарын облусунун Нарын шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын курулушу жана 3 ФКП жабдуу жалпы суммасы - 20 млн. сом каралды. 2020-жылга Баткен, Жалал-Абад облустарына эки өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораториялардын курулушу, жабдылуусу жана 5 ФКП жабдылуусу пландаштырылууда. Жеке агроном-кеңешчилердин системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп, алардын ишинин укуктук ченемдерин негиздөөчү Ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча иштер болуууда.
Дыйкан-фермелерге фитосанитардык сертификаттарды берүү «ЭЛЕК-фито» маалыматтык системасы менен ишке ашууда. Департамент СМЭВ «Түндүк» ситемасына туташтырылган. Азык-түлүк картошкасын экспорттоодо илдеттерди жокко чыгаруу тобокелдиги үчүн картошканы жууп-тазалоо линиясы Ысык-Көлдө жана Чүй облустарында орнотулду.
Фитосанитардык көзөмөл үчүн 15 пункт жана 4 фитосанитардык лабораториялар иштейт. ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин аймагында карантинге алынган подукцияларды ташып чыгууда, фитосанитардык сертификациялоо жана маркировкалоо жол жоболорун ишкерлерге түшүндүрүү боюнча маалыматтык такталары республиканын региондорунда түзүлдү.
Ал эми талаалардагы зыянкечтерге каршы жүрүп жаткан иштерге токтолсом, бүгүнкү күндө республиканын айыл чарбасына 50гө жакын ылгабай жеген зыянкечтер, 100дөн ашык адистешкен зыянкечтердин түрлөрү, 70 тен ашык илдеттердин түрлөрү жана 300дөн көп отоо чөптөр зыян келтиришет. Буларга каршы күрөшүү чараларын жүргүзүүдө дыйкандарга кызмат көрсөтүү багытында 139 жеке агрохимсервистер иштеп жатышат. Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча 141,4 миң тонна минералдык жер семирткичтер (36%) ташылып келинди.
Зыяндуу чегирткелерге изилдөө 156,4 миң гектарда жүргүзүлүп, анын ичинен химиялык иштетүүгө жатат деп табылган аянт – 114,5 миң га, аныкталып толук иштетилген. Зыяндуу чегирткелер менен Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын айдоо аянттары зыянга учураган. Мындан сырткары, америка ак көпөлөгү менен 935 га жер аянты зыяндаганы изилденип, анын ичинен 510 га иштетилди.
Бүгүнкү күндө республикадагы дыйкан-фермерлерди органикалык айыл чарба жана экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү технологияларына өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Бул тармакты маалымат менен камсыз кылуу багытында облустардагы филиалдарда окутуу борборлору уюштурулуп, 48 райондук, облустук аймактык окуу-семинарлар өткөрүлдү жана жергиликтүү, республикалык телерадио аркылуу маалымат берилип жатат.
Органикалык жана экологиялык азыктарды өндүрүүнү жогорулатуу максатында Жалалабад жана Ысык-Көл регионалдык филиалдарынын өндүрүштүк микробиологиялык препараттарды өндүрүүчү лабораториялар уюштурулду.
Ал эми Айыл чарба техникасы боюнча айтсак 2016-жылдан бери 90 МТС уюшулган. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча региондордо механизация кызматын көрсөтүүдө атаандаштык пайда болуп, айыл чарба жумуштарына техникалардын кызмат көрсөтүү баасы 7% чейин төмөндөдү.
Республиканын агро-өнөр жай комплексин механизациялоо жаатында инновациялык технологиялар менен тааныштыруу максатында Министрлик тарабынан 2019-жылдын 25-27 сентябрында Бишкек шаарында Республикалык «АгроТехЭкспо-2019» агро-өнөр жай көргөзмөсү болду. Ага жакынкы жана алыскы 24 өлкөдөн 75 фирма, компания жана дилердик борборлор катышып, 150 даанадан ашык техникаларын көргөзүштү.
Мал чарбасы тууралуу айта турган болсом, 2019-жылдын 10 айында мал чарба продукцияларын өндүрүү мурдагы жылга салыштырганда 2,3 пайызга көп болду. Анын ичинен эт өндүрүү өткөн жылга салыштырганда 2,1 пайызга, сүт өндүрүү 2,3 пайызга өстү. Жүн өндүрүү, 101.1 %, жумуртка, өткөн жылга салыштырмалуу 104,0 % түздү. Ошол эле учурда Улуттук стратегияда белгиленгендей асыл тукум материалынын сапаты төмөндөп жатат, бүгүнкү күндө республикада ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандырууда болгону 445 пункт иштетилүүдө.
Быйылкы жылдын 9 айдын жыйынтыгында кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары жана айыл чарба субъектилери 6178,7 млн. сомго же 88,6 млн. АКШ долларына продукцияларын экспорттоду. Бул көрсөткүч республиканын экспортунун көлөмү 12,6% жогорулады дегенди айгинелейт.
Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча айтсак, 2019-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылга салыштырмалуу айыл чарба продукциялары боюнча 13,7% жогорулап 660,1 млн. АКШ долларын түздү. Экспорттук жөнөтүүлөр 24,9% жогорулап 184,8 млн. АКШ долларына жетти. Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын азыктары жалпысынан 12 890,3 млн. сомго экспорттолгон, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 27,3%(сом менен) жогору болду. 2018-жылдын көрсөткүчүнөн экспорттун көлөмү 91,0% жогорулады. Экспортто иштери мындан ары да күчөтүлөт.
Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Ошондуктан, биздин продукцияларды дагы Кытай рыногуна киргизүү иштери акыркы жылдары абдан актуалдуу. Учурда, коңшу мамлекеттин рыногуна тоо балы эки тараптуу кабыл алынган меморандумдун негизинде кирип жатат. Ал эми гиласка болсо кытай тараптан атайын эксперттик топ келип, жер-жеринен текшерип кетишкен. Анын жыйынтыгында, Баткен облусунунан 14 чарба кытай ишкерлери менен келишим түзүп, экспорттоо иштери башталды.
Мындан башка дагы айыл-чарба продукцияларын кытай рыногуна киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Коңшу мамлекеттин эң негизги тартиби – бул ошол жерге келип, продукцияларды өздөрү текшерип, көрүп кетүү. Ошонун негизинде уруксат беришет.
Биз Кытайдын бажы комитети менен дагы жакындан иш алып баруудабыз. Учурда, Кытай тарап бизге фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларды түзүү үчүн насыя бөлүп берди. 2020-жылдан баштап дүйнөлүк стандартка жооп берген, заманбап лабораторияларды куруу иштери башталмакчы. Мына, ал жактын курулуш иштери аяктаган соң, ошол жерден айыл-чарба продукцияларына сертификаттар берилет. Ал сертификаттар аркылуу кытай рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Башка мамлекеттер кире албаган рынокко биздин айыл-чарба продукциялары кире баштады. Бул жакшы көрсөткүч. Дагы да болсо, алдыда аткарылчу иштер көп.
Айыл-чарбанын 2019-жылдын 10 айындагы жетишкендиктерине көмөкчү болгон иш-аракеттер
Үстүбүздөгү жылы жетишилген жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө төмөнкүлөр таасирин тийгизди:
-Мамлекеттик колдоо максатында «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасы боюнча жеңилдэетилген акчалай насыялардын;
-узак мөөнөткө лизинг боюнча айыл чарба техникалардын берилиши;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн прогрессивдүү технологиялары менен фермерлерди тааныштыруу жана жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибриддерди пайдалануу боюнча окутуучу иш-чаралары;
-мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон кылкандуу дан эгиндердин үрөнүн пайызсыз товардык насыя аркылуу бөлүштүрүүсү;
-айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө себүү жана жыйноо иштерин өткөрүүдө материалдык-техникалык ресурстары менен камсыздоо иштеринин жакшырышы.
Айтсак, 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9900 насыя, жалпы суммасы 5,0 млрд сом берилди, анын ичинен, дыйканчылык боюнча 2828 насыя - 1,1 млрд сом, мал чарбасы боюнча 6755 насыя – 2,6 млрд. сом жана кайра иштетүү тармагы боюнча 317 насыя 1,3 млрд сом берилди.