Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрүп жатат
Фото WWW
Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрүп жатат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүүдө.
Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.
Маалымат жыйыны түз эфирде КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналынан, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлөт.
Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарындагы мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында болууда. Алгач, Президент эки жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Учурда, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)