Кыргыз улуттук жазуучулар союзунда “Бир алкак-бир жол” долбоору менен жүзөгө ашып жарык көргөн кыргыз акындарынын антологиясынын, кытай тилинде чыгышынын урматына, котормочу , окумуштуу Адыл Жуматурду уулу менен Кыргызстандык акын жазуучулардын 18-октябрда жолугушуусу өттү.
Жолугушууда профессор Адыл Жуматурду ХХ кылымдын акырынан тартып ХХI кылымдагы кыргыз акындарынын 500 жакын ырын кытай тилине которгонун айтып өттү. Китепке акындар Тоголок Молдо, Токтогулдан тартып, Аалы Токомбаев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Гүлсайра Момунова кийинки муундан Фатима Абдалова, Жедигер Саалаев, Барчынбек Бугубаев сыяктуу акындардын ырлары киргендигин айтып эки томдук анталогиядагы авторлорду бирден окуп тааныштырды. Угармандардын суроосу боюнча кытай тилинде ырларды окуп берди.
Ошондой эле акын Рамис Ырыскуловдун 85 жашынын улуттук китепканадагы иш-чарасына акындын ырын кытай тилинде окуп бергендигин маалымдады. Котормочунун кызыктуу баянынан кийин, катышуучулар тарабынан суроолор жана каалоолор айтылды.
Жазуучу Токтосун Самүдүнов: “Бул эзелки жомок. Вавилон мунарасын көккө жете тургандай дүйнөнү таң калтыра тургандай курууну максат кылышат. Ошондо, нечендеген куруучулар бир-бирин түшүнбөй калат. Котормочу болсо, баары бир-бирин түшүнүп, ал мунара курулмак. Биз ошондой алтын мунараны куруп атабыз. Айланайын, сен эми дагы да жаш экенсиң, узун өмүрдү жашагын. 1,5 миллиардка жетип калган кытай эли менен кыргыз ортосунда көпүрө куруп атасыңар, силерге миң мертебе ырахмат.
Кыргыз поэзиясынын антологиясы эки том болуп чыккан, редколлегиянын мүчөсүнүн бири менмин. Уйкаштырылгандын баары эле ыр эмес, ырлардын баары эле поэзия эмес деген түшүнүк бар. Уйкашкандын баары эле китеп болуп чыгып жүрөт, бирок антология мөлтүр булактай нерсе болушу керек. Үлгү болгон, өрнөк боло турган тексттер болушу керек. Ошол үчүн котормодо экинчи тилге жеткириш кыйын. Калдайган кытай эли биздин акындардын эмгектерин окуп жатканы биз үчүн сыймык”.
Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунова: “Алгач көргөндө, мотурайган кара томолок жаш бала элең. Ошондо эсимде калгансың. Дилгир, тың жакшы бала экен деп, чоң үмүт артып калдым эле. Тилек ишке ашып өтө сонун иштер менен өмүр өткөрүп атыптырсың. Рух дүйнөсүн башка элге жеткирип айтып берүү, ар бир адамдын шыбагасына жазылган эмес. Татаал дагы, сыймыктуу дагы иш. Адам суктанып окуй турган Чыңгыз акемдин чыгармаларынан баштап, анын инилери бул жерде отурган акындардын ырын которуп бизге суңганың биз үчүн кубаныч. Өмүрлүү бол”.
Акын Жедигер Саалаев: “Биздин опера жанрыбыз аябай солгундап кеткен. Кытай Эл Республикасынан келип 200дөн ашык артистер катышкан, чоң опера коюлду, аябай дүңгүрөдү. Бул албетте сиздин да аты-жөнүңүз бар экен. Бизге абдан ыңгайлуу болду, кыргызча экрандан сөздөрдү окуп отурдук. Биз кантип түшүнөбүз деп ойлодум эле, көрсө баары ойлонуштурулуптур. Бизге жакты абдан, көтөрүңкү маанайда, бүтүрүпсүз. Ар кыл көп эмгек кылып атыптырсыз, эки элдин данакери болуп, ден-соолукта болуңуз”.
Адыл Жуматурду өзү кытай тилине которгон 2 томдон турган “Кыргыз акындарынын антологиясын” жана дагы башка китептерин КРдин Улуттук илимдер академиясына белекке берди
2019-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев Кытайдагы “Манас” эпосунун изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору Адыл Жуматурду уулу жана тарых илимдеринин кандидаты Чолпон Субакожоева менен жолугушту.
Жолугушууда институтта иштелип жаткан долбоорлордун негизинде жарык көргөн чыгармалар, мекеменин илимий-изилдөөлөрү, “Манас” эпосунун изилдениши жана алдыдагы пландар туурасында баарлашуу болду.
Академик А.А. Акматалиев өз сөзүндө Адыл Жуматурду уулу кыргыз адабиятын Кытай элине, окурмандарына, ошондой эле чет элдерге да аябай жайылтып келе жатканын айтып, окумуштуунун иштерине ийгилик каалап, бирге иштешүүгө чакырды.
Ошондой эле жолугушууда Адыл Жуматурду уулу өзү кытай тилине которгон 2 томдон турган “Кыргыз акындарынын антологиясын” жана дагы башка китептерин белеке берди.
Адыл Жуматурдунун кыскача өмүр таржымалы
Адыл Жуматурду уулу 1964-жылы бирдин айынын (февралдын) 25инде Кытай Эл Республикасынын СУАРына караштуу Кызылсуу -Кыргыз автономдук облусунун Ак-Чий ооданынында төрөлгөн.
1982-1986 Шанхай Цзяотонг университетинин Англис тил-адабияты факультетин аяктаган.
1986-1990 Үрүмчүдө Синьцзян өнөр-жай институтунда, азыркы Синьцзян университетинде Англис тил-адабияты боюнча окутуучу болгон.
1990-жылы атайын “Манас”эпосун которуу жумушуна ылайык тандалып, Синьцзян Адабият-Көркөм өнөрчүлөр Союзу, фольклор изилдөө коому “Манас” эпосун изилдөө бөлүмундө кызматкер болгон.
1995-2004-жылга чейин жогоруда аталган бөлүмдү жетектеген.
1990-2001-жж. аралыгы Кытай кыргыздарынын “Манас” баштаган оозеки адабият чыгармаларын которуу, басмага даярдоо, үгүттөө жана изилдөө кызматтарына жетечилик кылып жигердүү иштеген.
1998 Улуу илимий кызматкер атагын алган. Ушул кызмат барышында, 1995 жана 2000-жж. шайлоо аркылуу эки жолу Синьцзян фольклор изилдөө коомунун орун басар төрагасы болуп шайланган.
1997-ж. жана 2002-ж. эки жолу СУАР Адабият-Көркөм өнөрчүлөр Союзунун төр-агасы болуп шайланган жана белсенип иштеп, улуттук фольклор кызматына орошон салым кошкон.
2001-жылы сентябрь айынан баштап, Пекиндеги Кытай коомдук илимдер академиясынын аспирантурасында доктор аспирант болуп, мамлекеттик сыноодон өтүп, 2001-2004-жж. Пекинде билим алган.
2004-жылы “Манасчылар жөнүндө изилдөө” деген темадагы докторлук диссертациясын коргоп кытайлык кыргыздар арасында тунгуч Филология илиминин доктору даражасына ээ болгон.
Ошону менен 2004-жылы кызмат орду Үрүмчүдөн борбор Пекинге которулуп, Кытай коомдук илимдер акадимиясы, улуттар адабият изилдөө институту, Түндүк улуттар адабият изилдөө бөлүмүн жетектеп келүүдө.