Фото WWW
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко титулун коргогон акыркы мелдешин августта өткөрүп, Лиз Кармуш менен беттешкен. Калыстардын бир добушу менен Шевченко жеңишке жеткен.
уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко өз титулун коргоп америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешет. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы билдирди.
Алар UFC 247 турниринин алкагында 2020-жылы 8-февралда Хьюстондо (Техас штаты) кездешмекчи.
Быйыл август айында Валентина Шевченко экинчи ирет титулун коргоп, америкалык мушкер Лиз Кармушту жеңип алган. Ал эми UFC курун коргогон биринчи беттеште каршылашы Жессика Айды техникалык нокаут менен уткан.
31 жаштагы Шевченко ММА мелдештеринде 18 жолу жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми каршылашы Чукагян 13 беттешти утуп, эки жолу жеңилген.