Ишкерлер коомчулугу КРдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү сунушташты

28/03/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Ишкерлер коомчулугу КРдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү сунушташты

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кыргызстандын ишкерлер коомчулугу Экономика министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун демилге кылып, көтөрүп чыгышты. Тактап айтканда, “Кыргыз Республикасынын инвестициялар тууралуу "," Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө "," Ортомчулук (медиация) тууралуу" мыйзам актыларына өзгөртүү киригизүү сунушун билдиришти. Бул тууралуу 19-март күнү “Кабар” маалымат агенттигинде болуп өткөн басма сөз жыйынында маалым болду. 

Жолугушуу “Мамлекеттик органдар менен ишкердиктин ортосундагы талаш маселелерди чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин өнүктүрүү” темасынын алдында өтүп, ага “Улуттук ишкерлер клубунун” президенти Сергей Пономарев, КРдин Соода-өнөр жай палатасынын юристи Булатова Юлия, Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун төрагасы Майчиев Шамарал жана башкалар катышышты. 

Сергей Пономарев, “Улуттук ишкерлер клубунун” президенти:

 “Ишкерлер чөйрөсү менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин өнүктүрүү бул учурдун талабы” 

-Бүгүн ишкерлер чөйрөсү тарабынан сунушталып жаткан демилге абдан маанилүү. Анткени, бул сунуш Кыргыз Республикасында ишкердикти жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, шарттарын бир кыйла жеңилдетип, аны өнүктүрүүгө көмөкчү болмокчу. Ишкерлер чөйрөсү менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин өнүктүрүү бул учурдун талабы. 

Чындыгын айтканда, азыркы кезде ушул эки тармактын ортосундагы талаш маселе чыкканда, анын 90%ы мамлекеттик органдын пайдасына чечилет. Себеби, бул чечимди башка бир мамлекеттик орган кабыл алат. Ушундай жол менен 90% соттук иштерде ишкерлер тарап жеңилүүгө дуушар болот. 

Ушул эле учурда, дүйнөдө мындай иштер 50/50 катыш пайызда экендиги бардыгыбызга маалым. Эч качан салык системасы аппак, ал эми ишкердик кара деп түшүнбөө керек. Ар кандай кырдаал болот, ошондуктан тараптардын талаш маселелерин бейтарап соттун кароосу абзел. Бейтарап сот жана ортомчулук уюмдары булар эч кимге көз карандылыгы жок, мамлекеттик эмес уюмдар. 

Биздин учурда демилге кылып, көтөрүп жаткан мыйзам долбоорубуздун Бейтарап сот жана ортомчулук уюмдары боюнча сунуш кылынган өзгөрүүлөр бир катар тоскоолдуктарга учуроодо. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусу болууда. Жогорку сот экономикалык иштер боюнча сот өткөрүү иштеринин укугун башка бир тарапка берүүнү каалабай эле турат. Мисалы, дүйнөлүк практикада бейтарап соттордун чечими эч кандай талкууга алынып, кайрадан кароого жол берилбейт. Анын чечими акыркы болуп саналат. Ал эми, бизде болсо бейтарап соттун чечиминен кийин, райондук, облустук, Жогорку сотко кайрылууга мүмкүн кылгыдай кылып жасоонун аракетин көрүп жатышат. Эгерде, мындай болгудай болсо, анда Бейтарап соттун кереги барбы? 

Ишкерлер коомчулугу КРдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү сунушташты

Майчиев Шамарал, Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап сотунун төрагасы:

 “Акыркы жылдары, биздин КЭР менен болгон кызматташуубуз жогорку деңгээлде өнүгүүдө” 

-Мен алгач, бейтарап сот териштирмеси эмне себептен кээ бир суроолор дал ушул соттун алдында каралышы керек экендиги тууралуу маалымат берип кетсем. Чындыгында, бизде “Чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө” мыйзам бар. Ал боюнча ишкер бейтарап сотко кайрылуу укугуна ээ. Бирок, колдонуудагы мыйзам боюнча, эки гана бейтарап сот белгиленген. Бирөөсү Вашингтондо жайгашкан талаш маселелерин жөнгө салуу эл аралык борбору, экинчиси болсо Бириккен Улуттар уюмунун Соода-өнөр жай палатасынын алдында жайгашкан сот. 

Эки сот тең абдан кымбат жана бизден алыс орун алган. Инвестициянын суммасы дагы ар кандай көлөмдө болушу мүмкүн. Муну менен катар эле, мамлекеттик орган менен болгон талаш дагы ар кандай деңгээлде болот. Ошондуктан, салыштырмалуу аз сумма үчүн ишкер, юристтин кызматы миллион доллардан өйдө туруусу мүмкүн болгон жерге соттошуп барбайт. Негизинен, көпчүлүк учурда инвестициянын суммасы деле анчалык чоң сумманы түзбөйт. 

Мына, бүгүн көтөрүлүп жаткан мыйзам долбоорунда бейтарап сотун кошуу керек деген сунуш бар. Биздин өлкөдө 3 бейтарап соту өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Биринчиси, Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту, экинчиси Борбордук Азия боюнча Бейтарап соту, бирок бул тууралуу маалымат жокко эсе. Ал эми, үчүнчүсү болсо Жалал-Абад облустук бейтарап соту. 

Ушулардын арасынан ишкерлердин башын бириктирген, инвесторлор менен иштешкен Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы бейтарап сотуна ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы болгон талаш-тартыш маселелерин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушу каралууда. 

Биздин уюм 16 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүзөгө ашырып келүүдө. Ушул жылдар аралыгы 1000ден ашуун иштер каралган. Доомат талаптарынан жалпы суммасы 150 миллион доллардан ашат. Мындан сырткары, биздин сотто жеке гана Кыргызстандын инвесторлору менен ишкерлери өз маселелерин чечпестен, ага бүткүл дүйнөнүн ишкерлери дагы кайрыла алышат. Себеби, анын чечими Нью-Йорк конвенциясы боюнча дүйнөнүн 159 мамлекетинде жарактуу болуп, ишке ашырылат. 

Биздин ишмердүүлүктө жоопкерлер, тараптар башка мамлекеттерде болгон 56дан ашуун иштер каралган. Мисалы, Англия, Кытай Эл Республикасы, Словения, Украина, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ ж.б.өлкөлөрдүн сот иштерин айтып кетсек болот. Жалпысынан 13 мамлекет. Бардык жакта биздин чечим өз күчүнө кирип, жүзөгө ийгиликтүү ашырылып келүүдө. Эң башкысы, бейтарап соттун чечими кайрадан кароого жатпайт. Ал акыркы чечим болуп саналат. Орточо эсеп менен ишти кароо мөөнөтү 3 айды түзөт. 

Биз дагы Кытай Эл Республикасы менен тыгыз байланышып келебиз. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде коңшу мамлекеттин ишкерлери менен да иш-чараларды уюштуруп жүрөбүз. Жогоруда айткандай, кытай инвесторлорунун иштери да биздин сот аркылуу каралып, чечим чыгып жүрөт. Учурда, жалпысынан 7 ишти териштирдик. Акыркы жылдары, биздин кызматташуубуз жакшы бир деңгээлде өнүгүп жатат. Биз өткөн жылы Шэнчжэнь арбитраждык соту менен да кызматташуу меморандумуна кол койгонбуз. 

Ушундай жол аркылуу дагы биз өз ара тажрыйба алмашуу жаатында кызматташып, тыгыз байланышта болуп келебиз. Муну менен катар эле, кыргыз-кытай жактан тең 50дөн калыска атайын сертификаттар тапшырылган. 

Биздин кытай кесиптештерибиз менен болгон кызматташуу алакабыз ар дайым өнүгүү жолунда болуп, эки мамлекеттин достук мамилесин өөрчүтүүгө өбөлгө болуп берет деген терең ишеничтемин. 

Кыскача маалымат...

Бейтарап сот бул-жеке калыс же бир нече калыстардын коллегиясы болуп саналат. Эгерде тараптардын Бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашуусу болсо, жарандык мамилелерден улам келип чыккан талаш-тартыш маселелерди кароочу мамлекеттик эмес орган болуп эсептелет. 

Соода-өнөр жай алдындагы Эл аралык Бейтарап соту 2002-жылдын сентябрь айында негизделип, иштей баштаган. Бейтарап соттун башкы башкаруу органы болуп Байкоочулар кеңеши эсептелет. Учурда, бул уюмда өз ишин мыкты билген адистер, белгилүү окумуштуу-юристтер эмгектенет. Алардын жалпы саны 310ду түзүп, 29 мамлекеттин өкүлдөрү иштейт. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)