Марат Саралинов: “Кытай өзү гана өнүкпөстөн башка мамлекеттерге дагы жардам берип, алардын өнүгүүсүнө өз салымын кошууда”

11/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Марат Саралинов: “Кытай өзү гана өнүкпөстөн башка мамлекеттерге дагы жардам берип, алардын өнүгүүсүнө өз салымын кошууда”

Сүрөт интернеттен алынды

Биздин гезит ар дайым кыргыз-кытай алакасы тууралуу маалымат берип, анын өнүгүү жолдоруна сереп салып келет. Ушул багытта, биз бир катар мекендештерибиздин ойлору менен дагы бөлүшүп, окурмандарга сунуштап келебиз. 

Бүгүнкү биздин мейманыбыз дагы кыргыз-кытай кызматташтык алакасына өз салымын кошуп, анын өнүгүү жолуна из калтырган Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы экс-Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломат, мамлекеттик кеңешчи, профессор, Марат Уразалиевич Саралинов. 

Марат Уразалиевич, эки элдин кызматташтык алакасы тууралуу оюн билдирип, учурда, Кытайды жакындан таанууга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн айтып өттү. 

-1991-жылы Кыргыз Республикасы өз эгемендүүлүгүн колуна алгандан кийин, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык алака жаңы күч, жаңы дем башталды. Дипломат катары ушул жылдар аралыгына сереп салып берсеңиз?

-Дипломат, Кытай Эл Республикасындагы Кыргызстандын мурунку элчиси катары мени албетте, эки мамлекеттин ортосундагы алака өз орду менен, динамикалуу түрдө өнүгүп-өсүп жаткандыгы кубандырбай койбойт. Бул сөзүмө эки тараптуу жогорку деңгээлдеги расмий жана мамлекеттик иш сапарлар толук далил болуп бере алат. 

Ушул көз карандысыздык жылдар аралыгы абдан маанилүү бир катар келишимдерге, макулдашууларга кол коюлган. Дал, ошол документтер аркылуу эки тараптуу кызматташуубуз ийгиликтүү өнүгүп, өзүнүн баалуулугун жоготпой келет. Эки ортодо кабыл алынган макулдашуулар дагы орду менен аткарылып, ишке ашып келүүдө. Чындыгында, бул абдан маанилүү. 

Кыргызстан Кытай Эл Республикасы тарабынан көтөрүлгөн демилге, идея, долбоорлорду колдоо менен бирге, ар дайым алардын жүзөгө ашуусу үчүн өз салымын кошууда. Мындай иштерди жеке гана Кыргызстандын жетекчилиги эмес, карапайым калк дагы колдоодо. Учурда, аткарылып жаткан иш-чаралар, сүйлөшүүлөр, кызматташуулар бардыгы эки элдин бакубат, тынч жашоосу үчүн ташталган кадамдар. Менин бир макаламда: “Биздин сырткы саясатыбыздын өзөгүн “бирге, катарлаш гүлдөп өнүккөн сырткы саясат” түзүүсү керек”-деп жаздым эле. Мына, коңшубуз Кытай Эл Республикасы учурда, өтө тездик менен өнүгүүнүн артынан экономика, саясат ж.б. тармактарда бир топ бийиктиктерди багынта алды. Албетте, коңшу мамлекеттин мындай жетишкендиктери бизди абдан кубандырат, муну менен катар биз дагы ушул түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кытай менен бирге биздин экономиканы дагы көтөрүүгө, өнүктүрүүгө аракет кылуубуз абзел. 

Ал эми, эки өлкөнүн саясий кызматташтык алакасына сереп салсак, анда биздин саясий көз караштарыбыз бир топ маселелер боюнча бирдей же болбосо бир-бирине абдан жакын. Ортодо кандайдыр бир карама-каршылыктар, түшүнбөстүктөр жок. Экономикалык байланыштарыбыз тууралуу айта турган болсок, бул тармак дагы өз жолу менен өнүгүүдө. Мына, ушундай мамилелердин болуусу чындыгында кубандырбай койбойт. 

Эгемендүүлүк жылдарында эки мамлекет ортосундагы ушундай кызматташтык байланыштын болуусуна эки тараптын элчилеринин дагы кошкон салымы чоң. Биз өз кызматыбызды аткарып, эки тараптуу кызматташтык көпүрөсүн куруп келүүдөбүз. Ал эми, сиздердин “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити дагы эки элди бир-бирине жакындан таанытууда жакшы иштерди аткарууда. Гезитте көптөгөн кызыктуу материалдар бар. Ошол макала, маектер аркылуу биз өз ара бир-бирибизди түшүнүп, жакшылап билип, дүйнө таануубузду кеңейтип келүүдөбүз. Бул абдан жоопкерчиликтүү, маанилүү кызмат. Анткени, эки элдин өз ара түшүнүшө алуусу, маалыматы болуусу бул, ошол эле эки мамлекеттин ийгиликтүү кызматташуусуна мыкты негиз болуп бере алат. Бул адамдар ортосундагы эле мамилелерге окшош, эки адам бир-бирин жакшы түшүнбөсө, кызматташуу же достук мамиле куруу боюнча сөз дагы болбойт эмеспи. 

-2013-жылы КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак-бир жол” долбоорун сунуштаган. Мына, ошол мезгилден бери 5 жыл өттү. Сиздин оюңуз боюнча, демилге кандай өнүгүп жатат?

-“Бир алкак-бир жол” демилгеси абдан масштабдуу перспективаларды ичине камтыган мыкты долбоор. Убакыттын өтүшү менен ал мындан дагы өнүгүп, өзүнүн баралына келет деп ишенем. Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында, бир катар эл аралык бараандуу иш-чараларда бул долбоорду өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, кароо маселелеринин тегерегинде иштер аткарылып жүрөт. Демилге бардык тараптардын колдоосуна ээ болуп, аны жүзөгө ашырууга көптөгөн мамлекеттер өз салымдарын кошууда. Анткени, бул долбоор Кытай менен кызматташууга кызыкдар, коопсуз дүйнө, ынтымак, биримдик ичинде бирге, катарлаш өнүгүүнү каалаган бардык өлкөлөр үчүн маанилүү. 

Ал эми, “Бир алкак-бир жол” демилгесинде Кыргызстандын ээлеген орду биздин мамлекеттин географиялык жайгашуусунун негизинде эле аныкталган десем жаңылышпайм. Себеби, биз бардыгыбыз билгендей, Байыркы Улуу Жибек жолу биздин аймакты дагы басып өтөт. Транзиттик жол катары, Жибек жолу өткөн мамлекет ирээтинде Кыргызстандын ээлеген орду маанилүү экендигинде эч кандай шек жок. “Бир алкак-бир жол” демилгеси жүзөгө ашып, өнүккөн сайын андагы Кыргызстандын ролу дагы өөрчүй бермекчи. 

Мисалы, бул демилгенин алкагында пландалып жаткан, биздин аймактан өтө турган газ түтүгү долбоору бар. Эң негизгиси, биз ушул сымал кандайдыр бир долбоорлорду жүзөгө ашырууда карапайым эл арасында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүүбүз зарыл. Долбоордун пайдасы, жергиликтүү элге берген мүмкүнчүлүктөрү, ал тууралуу толук маалыматтын калкка жеткиликтүү болуусу абзел. Мына, ушул түшүндүрүү иштерин кенен жана өз убагында жүргүзүү керек. Эгерде, бул иштер туура жана убагында жүзөгө ашырылса, анда “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизиндеги долбоорлор ийгиликтүү болмокчу. Элге толук кандуу маалымат жетпесе, түшүнүү болбосо анда бул иштердин ыкчам ишке ашуусу күмөн. 

-Сиз айтып кеткендей, түшүндүрүү иштери боюнча, жакында эле ушул теманын айланасындагы маселелерди талкуулаган тегерек стол болуп өткөн. Ал жакта, Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишкери, синолог Муратбек Иманалиев: “Кыргызстандын заманбап Кытай тууралуу маалыматы жокко эсе, бул багытта жигердүү иштөөбүз абзел”-деп, айткан сөзү, эмнегедир мени дагы ойго салды. Чындап эле, биз Кытайды толук кандуу билбейбизби?

-Чындыгында, Муратбек Сансызбаевичтин айткан сөзү туура. Бул күмөн ойлор бизге мурунку Советтер Союзунан бери калган кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыгууда десек болот. Анткени, ал мезгилде эки мамлекет ортосунда темирдей көшөгө турчу. Биз Кытай тууралуу абдан аз билет элек. Бирок, андан бери жарым кылым өтсө дагы, баары бир жеткиликтүү түрдө бир-бирибизди жакшы биле бербейбиз. Муну моюнга алуубуз керек. 

Мына, эми сиздердин гезит сыяктуу ММКлардын жардамы менен дагы эки мамлекет, эл бир-бирин жакындан таанууга мүмкүнчүлүк алышууда. Кытай архивинде кыргыздар тууралуу абдан көп материалдар бар. Бизде бул жаатта жазма булактар абдан аз. Чындыгында ал жактагы тарыхый булактар байыркы кытай тилинде жазылган. Бул тилди учурда, кытайлар өздөрү дагы жакшы биле беришпейт. Кытай тарап архивдеринде сакталган кыргыздар тууралуу маалыматтарды алып, изилдөөгө бизге уруксат беришкен. Бирок, азырынча бизде бул багытта иштер жасала элек. Азыркы тапта болсо, кытай архивиндеги бизге тиешелүү маалыматтарды кытайлык кыргыздар изилдеп, окуп жаткан кези. Ошондуктан, аларга дагы ыраазычылык билдирүүбүз керек. 

Мындан сырткары, биздин көптөгөн студенттерибиз Кытай жергесинде билим алышууда. Бул дагы болсо, Кытайды жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Жергебизде Конфуций институттары, класстары ачылып, коңшу элдин тилин гана үйрөтпөстөн, маданиятын, салт-санаасын, тарыхын таанууга шарт түзүп беришүүдө. Эки элдин бири-бирин билүүсү, достук алакада болуусу керек. Канчалык жакшы таанып, үйрөнсөк ошончолук кызматташтык алакабыз дагы бекем болмокчу. Коркуунун дагы кереги жок. Кытай эли, маданияты тууралуу көп айтып берүү керек. Чындыгында, кытай эли өзүнүн эмгекчилдиги менен сый-урматка татыктуу. 

-Өзүңүз жогоруда айтып кеткендей, КЭР өтө тездик менен өнүгүүдө, бардыгыбыз билгендей аларда деле оош-кыйыш мезгилдер болгон. Бирок, учурдагы деңгээлине жетүүсүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз? 

-Кытай эли абдан чоң прагматиктер. Алар өздөрүнүн кетирген катачылыктарын моюнга алып, өз убагында оңдой алышат. Мындан сырткары, кытайлар өз өлкөсүнүн чыныгы патриот жарандары, аларда ата мекенге болгон сүйүү абдан күчтүү. Аларда деле кыйынчылык учурлар болгон. Бирок, аста-астадан өз өтмүшүнө көз сала, туура жолду тандай алышты. 

Бул иште Дэн Сяопиндин кошкон салымы абдан зор. Коңшу мамлекет акырындык менен мыкты реформаларды жүзөгө ашыра алды. Дэн Сяопин айткандай: “Суудан өтүп жатканда таштан-ташка секирип өтүү керек”-деген, чындыгында эле, бир чоң арыш менен дароо эле сууну аттап өтүү мүмкүн эмес. Мына, ушундай жол менен коңшу мамлекет аста-астадан, ар тараптуу ойлонуп, шашпай өз максатына жетип, акырындык менен реформаларды ишке ашырып келүүдө. Ал гана эмес, Кытай өзү гана өнүкпөстөн башка мамлекеттерге дагы жардам берип, колдоп келе жатат. Бул дагы мактоого татырлык иш. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)