Мамазакир уулу Азизбек: “Мугалимдерибиз бизди үйрөнүп алсын, окуп алсын деп шыктандырып турушат”

31/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Мамазакир уулу Азизбек: “Мугалимдерибиз бизди үйрөнүп алсын, окуп алсын деп шыктандырып турушат”

Мамазакир уулу Азизбек.

Учурда Кытайда билим алуу мезгил талабы болдубу, айтор акыркы жылдары Кытайга билим алам деп кетип жаткан улан-кыздарыбыз күндөн күнгө көбөйүп барат. Кытай Эл Республикасы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн студенттерине жана окуйм деп кыялданган улан-кыздарга бюджеттик негизде билим алуучу стипендия программасын негиздеген. Бюджеттик орун боюнча азыркы убакта Кытайдын 279 жогорку окуу жайында ар түрдүү кесип боюнча билим алууга болот. Бул программа толук бюджеттик жана толук эмес болуп бөлүнөт. Көп эле угуп жүрөбүз, биздин улан-кыздарыбыз да ар түрдүү кесипке ээ болуп, окуп же иштеп өз максаттырына жетишүүдө. Бирок, кытай тили татаал тилдерден эмеспи. Ушул татаал тилде, Кытайда медициналык окуу жайында билим алган кыргыз жаштары да жок эмес. Алардын бири  Мамазакир уулу Азизбек.

- Алгач өзүңдү тааныштырып кетсең?

- Ош областынын Кара-Кулжа районунун Биймырза айылынан болом. Келечекте менин айылым сыймыктана турган врачтарынан болом деп кыялданып турам. Учурда Кытай Эл Республикасынын Ланьжчоу шаарындагы Ганьсу Кытай медицина университетинде магистратурада окуп жатам. 

- Биз көп эле угабыз, биздин улан кыздар котормочу же мугалим ж.б. кесипке ээ болушат. А кантип Кытайга медициналык университетке окууга барып калдың?  

- Мен бала кезимден эле врач болом деп кыялдарым бар эле. Ошол кыялдарым орундалып, алгач, Бишкектеги И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын “Дарылоо иши” факультетин ийгиликтүү аяктадым. Ошол академияны бүтүрүп жатканда, Ганьсу провинциянын  Кытай медицина университети менен биздин академиянын келишими тууралуу угуп калып, гранттык орундар жөнүндө маалымат алдым. Тез ара ичинде керектүү документтерди чогултуп, толуктап тапшырдым. Кытайда окуумду улантууну чечтим. Ушул эки өлкөнүн “Бир алкак-бир жол” долбоору негизинде, эки медициналык окуу жайдын келишими менен, грантык орун утуп алып келгем. Азыр мен, бизче айтканда ординатурада окуумду улантып жатам.

Мамазакир уулу Азизбек: “Мугалимдерибиз бизди үйрөнүп алсын, окуп алсын деп шыктандырып турушат”

- Кытайда медицинаны окуу оңой болбосо керек? Кайсы адистикте окуп жатасыз ? Окуу кайсы тилде болот ?  

- Негизи эле медицина илими аябай оор да. Кытай тилинде эмес өз тилибизде оңой эмес. Мен муну өзүмдүн жеке тажрыйбамдан билем. Бирок аракет кылсаң оор нерсени деле жеңет экенсиң. Бишкектен “дарылоо ишин” аяктагам. Азыр бул жакта кытай медицинасы багытында илим алып жатам. Булар мануальная терапия, ийнетерапиясы. Окууларды кытай тилинде окуйбуз. 

- Дегеле, Кытайда окуу шарттары кандай?

- Окуу шарттары абдан жакшы дэңгээлде түзүлгөн. Мен гранттык негизинде окуп жатам дебедимби. Мындайча айтканда мага айына стипендия берилет. Окуу жана жатаканам бекер. Жатакана десе биздин жатаканаларга окшоштурбаңыз. Кытайда жатакананын шарты: бир бөлмө эки студентке гана ылайыкталган. Ичинде керектелүүчү эмерек, телевизор, окуу эмеректери, кухня, душ ж.б. шарттар бар. Ал эми, сабактар болсо үзгүлтүксүз, өз учурунда жана абдан кызыктуу өтүлөт. Мен өзүм дагы сабактарды калтырып же барбай калган күндөрүм боло элек. 

- Окуу сапаттарын айтып берсең? 

- Окуу сапатын айтсам, сабактар эртең менен эрте башталып кечке чейин окуйбуз. Чарчаганыбыз деле билинбейт. Тажабайсың деле, анткени мугалимдерибиз бизди үйрөнүп алсын, окуп алсын деп шыктандырып турушат. Студенттин бүт күч аракетин, окууга болгон кызыгуусун, күчөтүү талаптарын коюшат. Студентерге болгон мамилелери да жагымдуу. 

Мамазакир уулу Азизбек: “Мугалимдерибиз бизди үйрөнүп алсын, окуп алсын деп шыктандырып турушат”

- Сенин көз карашың менен айтсаң, биздин медицина окуу жайы дегеле медицина Кытайдан артта калуудабы же алдыга  жылуудабы? 

- Медицина бир ордунда турбайт деп коет эмеспи. Дүйнөдө азыркы күнгө чейин медицинада изилдөөлөр, эксперименттер, ачылууларды жасап келе жатышат. Кыргызстанда, биздин Академик, профессорлордун Кыргызстандын медицинасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары бар. Менин көз карашым боюнча Кытай технологиялык жактан, медициналык заманбап жабдыктары менен бизден жогору деп эсептейм. Баса, Кытай элинин өзүнүн дагы 5000 жылдык традициялык медицинасы бар. Дарылоо иштери окшош эле.

- Келечекте Кыргызстанга кайтып келүү пландарың барбы?

- Албетте, бар. Буюрса, келечекте өзүмдү өлкөмдүн атуулдарынын саламаттыгы үчүн күрөшкөн кесипкөй, адис катары көрөм.

Мамазакир уулу Азизбек: “Мугалимдерибиз бизди үйрөнүп алсын, окуп алсын деп шыктандырып турушат”

- Эки өлкөгө калоо тилек жана биздин жаштарга бир мотивация айта кетсең?

- Мен Кытайда окуганым үчүн сүйүнөм. Ушул эки өлкөнүн достугу ар тараптан бекемдеп, өркүндөй беришине тилектешмин. Азыркы учурда жаш адистерди даярдоого болгон иш аракеттерин жүргүзүп жатышат. Учурдан пайдаланып эки өлкөнүн Өкмөт мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирип кетет элем. Жаштарга айтаарым, алдыга койгон максаттарга карай аракетти токтотпостон жүргүзүңүздөр. Анткени, максатка жетиш оңой эмес, дайым изденгиле. Бир күнү үзүрүн, мөмөсүн берет деп ишенем. 


(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)