Конфуций институту-Кыргызстан менен Кытай ортосундагы достук көпүрө
Меймандар кытай иероглифтерин жазууну үйрөнүүдө.
Сүрөттөр редакцияга таандык
23-сентябрь күнү К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде “Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институт күнүнө” карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул күнү университет кытай тилине, маданиятына кызыккан, аны баалап, үйрөнүүнү каалаган бардык каалоочулар үчүн эшигин кенен ачты. Окуу жайдын босогосун аттаган коноктордун бардыгы Кытай маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Салтанаттын уюштуруучулары-Конфуций институтунун окутуучулары жана студенттери коноктор үчүн мыкты концерттик программа даярдоо менен бирге, аларды салттуу кытай маданияты болгон чай ичүү жөрөлгөсү, кагаздан ар түрдүү кылып кооздуктарды, “бакыт” сөзүн кесүү ыкмасы жана каллиграфия менен тааныштырып, каалоочуларды үйрөтүп да жатышты.
Конфуций күнүнө арналган майрамдык программа ажыдаарлар бийи менен башталып, кытай, кыргыз жана заманбап ыр-бий менен коштолду. Ар бир номер ийне-жибине чейин даярдалып, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Жеке гана окуучулар, студенттер өз таланттарын тартуулабастан, институттун мугалимдери дагы көп кырдуу талант экендиктерин далилдеп, мыкты номерлер менен элдин черин жазышты. Бир сааттан ашык коюлган программа салттуу кытай маданиятын ар тармактан таанытканга жетишти. Кытай дүйнөсү калыптагыдай эле өзүнүн түстүүлүгү жана ар түрдүүлүгү менен коноктордун назарын өзүнө бурду.
2008-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан БГУнун алдындагы Конфуций институту ушул жылдар аралыгы Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чыныгы достук көпүрөсү болууга жетишкендигине дагы бир ирет ынандык.
Кыздарды суктандырган салттуу кытай маданияты.
Жунус уулу Адыл, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты:
“Конфуций институтунун аркалаган кызматы абдан маанилүү”
- Бүгүн, Бишкек гуманитардык университетиндеги Конфуций институтунун салтанаттуу майрамына катышуу мен үчүн чоң сыймык.
Тил-бул ар түрдүү улуттардын, ар түрдүү мамлекеттердин ортосундагы байланыш көпүрөсү. Бул жагынан алганда Конфуций институтунун аркалаган кызматы абдан маанилүү. Ал Кыргызстан менен Кытай элдерине бир-бирин түшүнүүгө, мамилесин чыңдоого жардамчы болуп келет. Акыркы жылдары, Кытай Эл Республикасы менен бардык тармакта кызматташтык алакабыз өнүгүп, достук мамилебиз бекемделүүдө. Конфуций институттарынын бүтүрүүчүлөрү бул мамиленин өнүгүшүндө башкы орунду ээлешет.
Мен үчүн эки мекен жана ошондой эле эң жакын эки жогорку окуу жай бар. Алардын бири СУАРдагы Синьцзян университети болсо, экинчиси Бишкек гуманитардык университети. Мен 1990-жылдары БГУда 3 жыл билим алгам. Бүгүн өзүмдүн университетиме келип, абдан толкунданып турам.
Бардыгыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм. Конфуций институту эки элдин алакасын бекемдөөдө өз салымын кошуп, өнүгө берсин. Иштериңиздерге ийгилик каалайм.
Чжан Шицай.
Чжан Шицай, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети алдындагы Конфуций институтунун Кытай тараптан директору:
“Биздин институт жеке гана Кытайга эмес, Кыргыз Республикасына дагы таандык”
- Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институт күнүнө карата маданий иш-чара уюштуруп жатабыз. Майрамдын, концерттик программанын негизин салттуу кытай маданияты түзөт, ошондуктан бардыгыңыздарды эс алып кетүүгө чакырам.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак-бир жол” эл аралык форумунун ачылышында белгилегендей, Жибек жолунун өзөгүн кызматташтык, ачык-айкындык жана толеранттуулук түзөт. Бул долбоор өнүгүүгө, мамлекеттер ортосундагы тынчтыкка, жаңыланууга жана цивилизацияга карай төшөлгөн жол болуп калмакчы. Төраганын Биринчи Конфуций күнүнө карата жиберген катында: “Конфуций институту-бул кытай элинин бүтүндөй дүйнө жүзү менен болгон эл аралык мамилелерди чыңдоодо тынымсыз эмгегинин символу, Кытайды жана бүткүл улуттарды байланыштырган башкы аймак”, - деп аныктама берген.
Чындыгында эле, Институттун аткарган милдети абдан жооптуу. Анын башкы максаты- “кытай тили” жана “кытай маданияты” түшүнүктөрүн жайылтуу, дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен достук мамилени өнүктүрүү болуп саналат. Биздин бүгүнкү Конфуций институтунда өткөрүлүп жаткан иш-чаранын максаты дагы дал ушундай. Биринчиден, келген меймандарга кытай маданиятын жакындан таанытуу болсо, экинчи жагынан Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук мамилени чыңдоо, кызматташтык алакасын бекемдөө. Биздин институт жеке гана Кытайга эмес, Кыргыз Республикасына дагы таандык.
Ошондуктан, Конфуций институту өнүгө берсин, кыргыз-кытай достук алакасы дагы чыңдалып, түбөлүккө улансын. Бүгүнкү майрамдын катышуучуларына чың ден соолук, иштерине ийгилик кааламакчымын.
Мурзахмедова Гульнара, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-кытай факультетинин деканы:
“БГУнун алдындагы Конфуций институту дүйнөдөгү мыкты институттардын катарында”
- Бул күндөрү дүйнө жүзү боюнча Конфуций күнү майрамдалып жатат. Биздин университет дагы четте калбастан ушул күнгө карата атайын иш-чара уюштурдук. Бүгүнкү күн бардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Себеби, Конфуций институнун эл аралык мамилерге кошкон салымы абдан зор.
Кыргыз Республикасында Конфуций институту эң алгачкы жолу биздин университетте, 2008-жылы ачылган. Ошол мезгилден бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, дүйнө жүзүндөгү мыкты институттардын катарын толуктап келет. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Ушул жылдар аралыгы институт жаштарга татыктуу тарбия берип, өз тармагындагы күчтүү адистерди даярдоодо.
Бүгүнкү салтанаттын катышуучуларын куттуктоо менен бирге, иштерине ийгилик каалап кетмекчимин. Эки элдин алакасы бекемделип, өнүгө берсин.
Конфуций институту-Кытайда билим алууга мүмкүнчүлүк
2008-жылдын 15-июнь күнү К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдында Конфуций институту өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ошол мезгилден бери Институт 9 Конфуций классын, 21 кытай тилин окуу борборун ачып, канчалаган окуучуларга, студенттерге кытай тилин, маданиятын үйрөнүүгө өбөлгө болуп келе жатат.
Конфуций институтунун “Бир институт-бир нече класс” аттуу билим берүү системасынын башкаруу модели бүгүнкү күнү да өз жемишин берип, ийгиликтерди жаратууда. Конфуций институту ачылгандан бери 200дөн ашуун мугалим жана волонтерлор эмгектенген. Кайсы жактан жана канча мезгилге иштеп кеткендерине карабастан, алардын бардыгы чын дилинен эмгектенишип, мугалимдик милдетин татыктуу жана таза аткарышкан. Бүгүнкү күнү дагы бул салт бузулбай келет.
Бул жактан кытай тилин мыкты өздөштүргөн студенттер Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларынан билимин улантууга мүмкүнчүлүк алышат. Институттун бүтүрүүчүлөрү эки элдин ортосундагы кызматташтык алакасын бекемдөөдө өз салымдарын кошуп, үзүрлүү эмгектенип келишет. Жылдан-жылга кытай тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны өсүүдө. Ошондуктан, Конфуций институтунун эшиги каалоочулар үчүн ар дайым ачык.