Кытай Элдик боштондук армиясына 90 жыл

03/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай Элдик боштондук армиясына 90 жыл

Дуйшенбиев Райимберди.

28-июль күнү Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Кытай Элдик боштондук армиясынын 90 жылдык мааракесине карата салтанаттуу кабыл алуу болду. 

Бул иш-чарада эки элдин аскердик кызматташтыгы талкууланып, коопсуздук маселелери каралды. Мааракенин жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы коопсуздук маселелери боюнча аскердик атташе Чжу Гожун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Дуйшенбиев Райимберди сөз сүйлөштү. 

Чжу Гожун, КЭРдин КРсындагы элчилигинин алдындагы коопсуздук маселелери боюнча аскердик атташе: “Эки мамлекеттин башчыларынын жетекчилиги астында, аскердик кызматташуу өнүгүп, жемиштүү жыйынтыктарын берет деп ишенем” 

Чжу Гожун мырза өз сөзүн, келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен баштап, бүгүнкү Кытай Элдик боштондук армиясынын негизделишинин  90 жылдык мааракесинде жолугушуп отургандыгына кубанычта экендигин баса белгилеп өттү. 

Чжу Гожун мырза: “1927-жылдын 1-августунда Кытайдын компартиясы Кытай Эл Республикасынын улуттук боштондугу үчүн Нанчань шаарында куралдуу көтөрүлүш баштаган. Ушундай жол менен Кытай компартиясы башында турган жаңы элдик армия жаралган. 

90 жыл адамзаттын тарыхында кыска аралыкты гана ичине камтыса, бирок бул жылдар Кытай Элдик боштондук армиясы үчүн эстен кеткис, бараандуу тарых баракчасы болуп кала бермекчи. Төрага Си Цзиньпин: “Биз басып өткөн жол кандай гана узак болбосун, биз эч качан өтмүшүбүздү унутпообуз зарыл”, - деп  айткан. Ошол себептен, мен азыр сиздер менен бирге 80 жылга артка кайрылгым келип турат. 

Ошол мезгилде биздин ата-бабаларыбыз Улуу жортуул жасашкан. 1934-жылы бир канча куралдуу кол салууга ийгиликсиз сокку берүүдөн улам Кытайдын “Кызыл армиясы” стратегиялык түрдө орун которууга мажбур болгон. Эки жылдын аралыгында “Кызыл армия” 12500 кмден ашык жол басып, 15 провинциянын чек ара аймагын кесип өтүп (бул аймактар Кытайдын жарымын түзөт) , деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан 40тан ашуун тоолорду, 20га чукул бийик ашууларды багынтып, 600дөн ашуун салгылашууну башынан кечирген (орточо алганда ар бир күн сайын бирден салгылашуу болуп турган). Ушундай оор кыйынчылыктарга карабастан Кытайдын “Кызыл армиясы” өзүнүн, күнүнө 25 км болгон орточо ылдамдыгын жоготпостон, алдыга карай коюлган максатына жакындай берген. Жортуулдун аягына, 300 000 миң кишинин ичинен 30 000 адам гана тирүү чыккан. 

Ушундай чоң жоготуулар, согуштун курмандыктары, калган аскерлерге максатына жетүүгө мүмкүнчүлүк куруп берген. Бул максат-жаңы Кытайды куруу үчүн Кытайдын “Кызыл армиясынын” чыныгы элитасы болуу эле. Көптөгөн оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөндөн кийин, такшалган “Кызыл армия”жаңыдан күч, дем менен күчтүү армияга айланган. Кытай Элдик боштондук армиясы күчтүү душмандарын жеңүү менен бирге, легендалуу дүйнөлүк аскердик тарыхын түзгөн. 

Бүгүнкү күнү Кытай компартиясынын жана Төрага Си Цзиньпиндин жетекчилигинин алдында Кытай Элдик боштондук армиясы жаңы Улуу сапарын-улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы менен бирге, эл аралык статуска дал келген армияны куруу үчүн масштабдуу аскердик реформаны баштады. Азыркы болуп жаткан аскердик реформа  Кытай армиясынын тарыхында эң биринчи, абдан терең жана толук масштабдуу болуп саналат”, - деп маалымат берди. 

Мындан сырткары, Чжу Гожун мырза Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын 25 жылдык дипломатиялык мамилесине дагы токтолуп өттү. 

Ал өз сөзүндө: “Бул 25 жыл ичинде эки мамлекеттин ортосундагы ар тармактардагы кызматташуу ийгиликтүү өнүгүп келди. Азыркы мезгилде, эки өлкөнүн мамилеси, бүтүндөй өз ара кызматташуу тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти. Аскердик кызматташуу тармагында дагы бир катар маанилүү өнүгүүлөр болду. 

Ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Дуйшенбиев Райимберди Кытай жергесинде официалдуу иш сапары менен болуп кайтты. Бул иш сапар алкагында кадрларды даярдоо, биргеликте окуу иштерин өткөрүү жана аскердик жардам тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер түзүлдү. Бул иш-чара дагы эки мамлекеттин аскердик кызматташуусуна жаңы күч берди десек болот”, - деген оюн айтты. 

Сөз соңунда, Чжу Гожун мырза эки мамлекеттин башчыларынын жетекчилиги астында аскердик кызматташуу дагы да болсо өнүгүп, жемиштүү жыйынтыктарын бере баштаарына ишенеерин билдирди. 

Кытай Элдик боштондук армиясына 90 жыл

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа, мааракенин жүрүшүнөн бир көз ирмем.

Райимберди Дуйшенбиев, КРсынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор: “Кыргызстан-Кытай алакасы өз ара ишеним жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген”

- Урматтуу элчи мырза, урматтуу Чжу Гожун мырза жана урматтуу айымдар жана мырзалар! Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди бүгүнкү Кытайдын Элдик боштондук армиясынын түптөлүшүнүн 90 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. 

Заманбап шарттар, динамикалуу түрдө өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалдар бизден, тийиштүү, адекваттуу чараларды кабыл алууну талап кылат. Дал, ушул себептен Кытай аскер жетекчилиги тарабынан өткөрүлүп жаткан аскердик реформа иштери өз убагында аткарылган, эффективдүү кадам болуп саналат. Бул кадам коопсуздук коркунучун алдын-алуу менен бирге, ага болгон таасир механизмин дагы өркүндөтүүнүн үстүндө иш алып барууга багытталган.

Глобалдуу түрдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө карабастан биз биргеликте кылган кадамдарыбызды жөн гана улантбастан аны өнүктүрүп дагы келебиз. Бул алака эки тараптын аскердик кызматташтыгын бекемдөөгө багытталып келет. 

Биздин мамлекеттерди байыртан салттуу достук жана ынтымактуу коңшулук мамилеси байланыштырып келген. Мындай алака өз ара ишеним жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген. Бул толугу менен аскердик кызматташуу тармагына дагы тиешелүү. Ар тараптуу кыргыз-кытай мамилесинде аскердик кызматташуу иштери өзгөчө орунду ээлейт. Эки элдин алакасында күчтүү, бекем фундаментти куруунун арты менен бир канча ийгиликтүү долбоорлор ишке ашууда. Алар, аскердик техникалык тармактар, аскерлерди даярдоо иштери, социалдык тармактардын курулуш объектилери жана дагы аскердик түзмөк бөлүктөр ж.б. 

Ушундай динамикалуу өнүккөн ийгиликтүү кызматташтыкка биз мамлекет жетекчилеринин саясатынын бир арада болушу менен бирге, өз ара жылуу мамилесинин арты менен жетишип отурабыз. Биздин өлкөлөр ар качан бир-бирин колдоп келген. Эл аралык аренада дагы бири-биринин демилгелерине колдоо көрсөтүп келишет. Бул дагы болсо эки элдин өз ара жогорку деңгээлдеги ишениминин, достук мамилесинин далили. 

Ушул себептенден улам Кытай Элдик боштондук армиясына ар дайым өз убагында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Сөз соңунда, “Биз ар качан Кытай Эл Республикасы менен аскердик тармакта өз ара пайдалуу кызматташтыкка, анын жемиштүү ишке ашуусуна колдоо көрсөтүүгө жана кызматташууга даярбыз”, - деген оюмду баса белгилеп айткым келет. 

Дагы бир жолу Кытай Элдик боштондук армиясын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн өсүп-өнүгүүсүн каалайм. 







(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)