“Кытай (Хайнань)-Кыргызстан (Бишкек), жергиликтүү өндүрүштүн артыкчылыктары менен тааныштыруу-2017”

26/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Кытай (Хайнань)-Кыргызстан (Бишкек), жергиликтүү өндүрүштүн артыкчылыктары менен тааныштыруу-2017”

Хайнань провинциясынын Эл аралык соода кызматташтыкты өнүктүрүүгө  көмөкчү  комитетинин төрагасы Ли Чжицзе.

Улуу Жибек жолунун кербенин улай көтөрүлгөн “Бир алкак-бир жол” долбоору азыркы учурда келечекке карай ишенимдүү кадам таштап, бүгүнкү күндө жеке гана соода-сатыктын кербени болбостон, экономиканын, маданияттын, билим берүүнүн, биргелешип кызматташуунун көчү болууда. Бул демилге 2013-жылы гана өз ишмердүүлүгүн баштаганына карабастан, азыркы мезгилде, Жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин башын бириктирип, бир канча маанилүү иш-чаралардын себепкери болууга жетишти. 

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дагы “Бир алкак-бир жол” проектисинин негизинде көптөгөн иш-чаралар аткарылып, эки өлкөнүн алакасынын бекемделишине өз салымын кошуп келүүдө. Азыркы тапта, Кыргызстан менен Кытайдын бардык тармактарында өз ара байланыштар бекемделип, өнүгүүдө.  

Ушундай иш-чаралардын бири 18-август күнү Бишкек шаарында болуп өттү. Бул жолугушуу  “Кытай (Хайнань)-Кыргызстан (Бишкек), жергиликтүү өндүрүштүн артыкчылыктары менен тааныштыруу-2017” аттуу темада өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы жана Хайнань аймагынын өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюштурулду. 

Иш-чаранын  жүрүшүндө Хайнань провинциясын таанытуу презентациялары көрсөтүлүп, коңшу элдин ишкерлери, Хайкоу, Дангжоу шаарларынын Муниципиалдык элдик башкаруусунун вице мерлери жана аймактын чыгаан ишканаларынын өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Кыргыз тараптан дагы Кыргызстан тууралуу слайд шоу көрсөтүлүп, өлкөбүздү кытай ишкерлерине тааныштыруу максатында маалыматтар берилди.  Жыйындын аягында, кабыл алынган меморандумга кол коюлуп, эки тараптын кызматташуусу документ жүзүндө тастыкталды. 

“Кытай (Хайнань)-Кыргызстан (Бишкек), жергиликтүү өндүрүштүн артыкчылыктары менен тааныштыруу-2017”

Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын вице президенти Рима Апасова менен Кытай Эл Республикасынын Хайнань провинциясынын Эл аралык соода кызматташтыкты өнүктүрүүгө  көмөкчү  комитетинин төрагасы Ли Чжицзенин меморандумга кол коюу учуру.


Ли Чжицзе, Кытай Эл Республикасынын Хайнань провинциясынын Эл аралык соода кызматташтыкты өнүктүрүүгө  көмөкчү  комитетинин төрагасы: “Хайнань провинциясынын айыл-чарба өндүрүш ишканаларын жакындан таанытууга толук мүмкүнчүлүк болду” 

- Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу айымдар жана мырзалар, бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары. Сиздер менен Бишкек шаарында жолугушуп жаткандыгыма абдан кубанычтамын. 

Бүгүнкү иш-чарада Хайнань провинциясынын айыл-чарба өндүрүш ишканаларын жакындан таанытууга толук мүмкүнчүлүк болду. Биз ар дайым кызматташууга  даярбыз. Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Хайнань провинциясы менен боло турчу алаканын алгачкы гана кадамдары деп ойлойм. Алдыда, аткарыла турган көптөгөн иштерибиз бар. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде мыкты ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем.    

Алымбек Орозбеков, КРсынын Экономика министрлиги алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору: “Кыргызстан КЭРсынын бизнеси үчүн, Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна чыгууга ачылган жаңы мүмкүнчүлүк болуп бере алат”

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жаткан КРсынын соода-өнөр жай палатасына жана Кытай Эл Республикасы тарабынын өкүлү Ли мырзага терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Ушундай багыттагы иш-чаралардын көп-көптөн өткөрүлүп турушу эки мамлекеттин экономикалык-соода кызматташтыгынын өнүгүүсүнө кошумча күч, дем берет деп ишенебиз.

 Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет.  Кыргыз-кытай алакасынын тарыхы узун, түбү терең. Байыртадан Улуу Жибек жолунда түзүлгөн эки элдин соода-экономикалык байланышы буга толук далил. 

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлгөн “Бир алкак-бир жол” долбоору дагы Борбордук Азия аймагынын Кытай менен болгон экономикалык кызматташтыгын бекемдеп, өнүктүрүүгө жардамчы болмокчу. Эки элдин ортосундагы алаканын маанилүүлүгү бардыгыбызга эле белгилүү. 

Бул жакта өзгөчө токтолуп айта кетчү нерсе, биринчиден Кытайдан келген конокторубузга баса белгилеп кетким келет. 2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп киргендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан, Кыргызстан Кытай Эл Республикасынын бизнеси үчүн кандайдыр бир деңгээлде, Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна чыгууга ачылган жаңы мүмкүнчүлүк  болуп бере алат. 

 Ал эми Хайнань провинциясы Кытайдын башка аймактарынан өзгөчөлөнүп турат. Бул жактан биз туризм тармагы жана тамак-аш продукциясы боюнча өнүгүү жолдорун көрүп турабыз. Биз, өз тарабыбыздан, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору катары өзүмдүн атымдан жана дагы Экономика министрлигинин атынан сиздер менен кызматташууга, ушундай багыттагы иш-чараларды ар дайым колдоого даяр экендигибизди баса белгилеп кетким келет. 

Сөз соңунда бардыгыңыздарга ийгилик каалоо менен бирге, өткөрүлүп жаткан форум  ийгиликтүү болуп, өз жыйынтыгын берсин деп айткым келет. Ар тараптын көздөгөн максатына жетүүсүнө тилектешмин.  

“Кытай (Хайнань)-Кыргызстан (Бишкек), жергиликтүү өндүрүштүн артыкчылыктары менен тааныштыруу-2017”

Иш-чаранын соңунда ишкерлер топтору сүрөткө түшүп жатышты. 

Хуанг Женгэн, Хайнань провинциясынын айыл чарба департаментинин башкы агроному: “Азыркы тапта, аткарылып жаткан ишмердүүлүктүн келечеги кең”

- Урматтуу айымдар жана мырзалар, бүгүнкү форумдун катышуучулары, сиздер менен азыркы өтүп жаткан иш-чарада жолугуп тургандыгыма абдан кубанычтамын. Эки мамлекеттин кызматташтыгына Хайнань аймагынын дагы кошкон салымы зор болот деп ишенем. 

Хайнань Кытай Эл Республикасынын эң түштүк жергесинде жайгашып, өлкөнүн тропикалык аймагынын жарымын ээлейт. Биздеги тропикалык төрт мезгил, айыл-чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсүн эң жогорку деңгээлге жеткирүүгө  мүмкүнчүлүк берет. Биз эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтыкты гана бекемдөө максатын көздөбөстөн, айыл-чарба тармагындагы алаканы күчөтүүгө дагы кызыкдарбыз. Хайнань аймагында өнүгүп, өсүп жаткан айыл-чарба, туризм жана башка тармактарда  дагы мамилени өнүктүрүүгө ар дайым даярбыз. Бул кадамдар аткарылса, мамлекеттер ортосундагы экспорт жана импорт кырдаалдары дагы алда канча алдыга жылып, жогорулайт деп ишенем. 

Азыркы тапта, аткарылып жаткан биздин ишмердүүлүгүбүздүн келечеги кең. Эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө, достугун бекемдөөдө келечекте өз салымын кошот. Биздин жетекчилик ушундай иш-чараларды өткөрүүдө ар дайым колдоо көрсөтүп келет. 

Ал эми алдыда болсо биз, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба тармагы менен тыгыз байланышта болуп, инвестиция кылуу, биргеликте иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн карап, кызматташтыктын алгачкы кадамдарын шилтейбиз деп ишенем. 



Рима Апасова, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын вице президенти: “Кол коюлган меморандумдун эки мамлекет алакасында мааниси зор” 

- Кыргызстанда бул иш-чара алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.Эки мамлекеттин айыл чарба тармагындагы кызматташуусуна чоң салым кошмокчу. 

Хайнань аралы тууралуу бардыгыңыздар билсеңиздер керек. Ал дүйнөгө туристтик борбор катары белгилүү. Туризмдин жана соода-сатыктын аймагы десек да болот. Хайнань провинциясынын өкүлдөрү бизге Казакстан Алматы аркылуу  келишти,  Бишкектен кийин Тажикстанга карай сапар улашмакчы. 

Бүгүнкү кабыл алынып, кол коюлган меморандумдун мааниси абдан зор. Бул иш-чара эки тараптын кызматташтыгын дагы да болсо кеңейтүүгө, өнүктүрүүгө гана жардамчы болбостон, ишкерлик чөйрөсүндө маалымат алмашууга дагы мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөсү ортосундагы алаканы бекемдеп, ишкерликти өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу. Бул эң башкы документ болуп эсептелет. 

Эми мындан ары бир-бирибизге барып-келүүгө, атайын ишкерлер тобу менен көргөзмөлөргө катышууга кенен жол ачылды десек да болот. Мындан сырткары, эки мамлекеттин тең эркин экономикалык аймактарында биргеликте ишканаларды ачып, иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болду.  

Аталган теманы улай Хайнань провинциясы тууралуу кошумча маалыматтар...

Хайнань-айыл чарба жана  пайдалуу кен байлыктары жагынан алып караганда, чындыгында күчтүү экономикалык потенциалга ээ 

Хайнань провинциясы жеке гана туристтердин сүйүктүү аймагы болбостон, айыл-чарба өндүрүш продукцияларынын сапаттуулугу жана өзгөчө тропикалык жер-жемиштери менен дүйнөгө белгилүү.  

1988-жылы Хайнань өзүнчө провинция катары жарыяланып, эркин экономикалык аймак түзүлгөн. Азыркы тапта, бул аймак бирден-бир агрардык аймак катары белгилүү. Дүйнө элине Санья шаары аркылуу туристтик борбор катары дагы таанымал. Саньянын чай плантациялары дагы өзгөчө сөзгө татыктуу. 

Хайнань айыл чарба жана  пайдалуу кен байлыктары жагынан алып караганда дагы, чындыгында күчтүү экономикалык потенциалга ээ. Провинциянын айыл чарба өндүрүшү аймактын экономикасында абдан маанилүү ролду ойнойт. Кокос, ананас, банан жана каучукту өстүрүү кирешенин негизги бөлүгүн түзөт. Хайнань-тропикалык маданиятты иштетип, өнүктүргөн Кытайдагы жападан жалгыз провинция болуп эсептелет.  Каучукту өндүрүү боюнча аймак Кытайда биринчи орунда турат. Мындан сырткары, экспортко бамбук, кедр, кызыл карагай, пальма дарактарын дагы чыгарып турушат. Ал эми балык чарбасы дагы провинцияда абдан күчтүү темп менен өнүгүп келүүдө.

Хайнандагы тропикалык климат, айыл чарбасы менен жыл бою үзүрлүү эмгектенгенге толук шарт түзүп берет. Ошондо, жергиликтүү калк жылына үч-төрт жолу түшүм алууга жетишет.  Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн негизин күрүч, буудай, таро, жүгөрү, буурчак ж.б. түзөт. Мындан сырткары, жер жаңгак, кунжут, чай жана кант тростнигин дагы өстүрүшөт. 

Хайнань аймагы  өзүнүн жер-жемиштери менен дүйнөгө таанымал. Азыркы мезгилде, аралда атайын багып өстүрүлгөн жана жапайы жемиштердин элүү үч түрү белгилүү. Мисалга алсак: манго, мандарин, личжи, дарбыз, банан, ананас ж.б.  Ал эми жашылчалардын 120дан ашык түрүн кездештирүүгө болот. 

4000 миңден ашуун хайнань өсүмдүктөрүнүн 2500 түрү дарылык касиетке ээ. Алардын сегиз жүзү элдик чарбада колдонулса, жыйырмадан ашык түрү коргоого алынган. Жемиш дарактарынын 142 түрү болсо, жетимиши парфюмерия тармагында кеңири белгилүү. Эң мыкты жогорку сапатта  жасалган үй буюмдары дагы аймактын бак-дарактарына таандык.

Аймактагы жергиликтүү флорадан сырткары, Хайнанга миңден ашык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн интродукциялашкан (интродукция-өсүмдүктөрдүн түрлөрүн башка аймактарга көчүрүп келүү, башкача айтканда, мурун өстүрүлбөгөн жерлерге алып келип, климатка көндүрүү, анын жашап кетүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү). Мындай өсүмдүктөрдүн катарына кокос, пальма, кара мурч, новозеландиялык зыгыр, какао, лимон соргосу ж.б. кирет.

Хайкоу шаары-Кытай рыногуна ачылган жол 

Хайкоу шаарында 1998-жылдан бери Эл аралык айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өткөрүлүп келет. 2016-жылы бул жыйынга дүйнөнүн отуз мамлекети катышып, өзүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүн уютурушкан.  

 Жыл сайын бул жарманкенин кадыр-баркы өсүп, катышууну каалаган мамлекеттердин саны өсүүдө. Сырттан гана эмес, Кытай Эл Республикасынын өзүнөн дагы жыйырма тогуз провинция катышып, 1700дөн ашык ишканалар былтыр сыйлуу конок болуп кетишкен. 

“Бир алкак-бир жол” павильонуна эки жүздөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар өздөрүнүн продукцияларын коюшкан. 

Хайкоу шаарында жыл сайын өткөрүлүп турчу бул иш-чара жеке гана айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү болбостон, сырттан келген ишкерлер үчүн Кытай жергесинен жаңы өнөктөштөрдү таап, биргеликте  кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Мындан сырткары, айыл чарба тармагындагы технологиянын акыркы жетишкендиктерин дүйнөгө тааныштыруу менен бирге, Кытай рыногуна чыгууга дагы жол ачат.  

“Түштүк деңизи” жыл бою туристтерди кабыл алууга даяр 

“Чыгыш Гавайиси” деген наамга татыган бул чөлкөм, аты айтып тургандай эле эс алуунун борбору болуп эсептелет. Бул жакта жеке гана көңүл ачып, деңиз жээгинде чалкалап жатпастан, тарыхый жерлерди кыдырып, жергиликтүү калктын маданияты менен таанышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Хайнань аймагынын башка курорттук зоналардан айырмасы, бул жак ден соолукту чыңдоо борбору да болуп эсептелет.

Хайнань кытай тилинен которгондо “Түштүк деңизи” деген маанини берет. Ал чоң арал менен бирге бир канча майда аралчалардан турган Кытайдын түштүктөгү провинциясы. Бул аймактын административдик борбору – Хайкоу шаары, ал акыркы жыйырма жылдын ичинде жөнөкөй шаарчадан бир жарым миллиондук калкы бар өнүккөн заманбап шаарга айланган. Мындан сырткары Санья, Дунфан жана Даньчжоу шаарлары дагы аймактын башкы шаарларынан болуп эсептелет.

Хайнанга келгенде ажайып жерлерди көрүү үчүн 2-3 күн бөлүү керек. Мындай жерлер аралда жетиштүү. “Наньшань” храмы будда маданияты менен толук тааныштырат. Андан алыс эмес жерде, жасалма аралчада дүйнө жүзү боюнча эң бийик деп эсептелген “Гуаньинь” ханышасынын эстелиги тургузулган. Ал эми храмдын ичинен ондогон будда келбеттерин көрүүгө болот.

Санья шаарынан 30 километр алыстыкта Бетель-Нат этникалык паркы жайгашкан. Ал Ли жана Мяо калктарынын каада салтына, жашоо образына арналган. Ал аркылуу жергиликтүү калк, келген туристтерге дагы оюн – зоок уюштуруп, үйлөнүү үлпөттөрүн, өлүк коюу маданиятын сахналаштырып көрсөтүп беришет. 

Мындан сырткары Хайнанда көптөгөн жаратылыш коруктары жайгашкан. Алардын бири “Маймылдар аралы”. Бул аралда эки миңден ашык маймыл жашайт. Аралга жетүү үчүн асма көпүрө колдонулат.  

“Асман үңкүрлөрү” аралдын эң байыркы ажайып кооз жери болуп эсептелет. Алар 1000 жылдан ашык убакыт мурун негизделген. Бүгүнкү күнү дагы бул жерден туристтердин саны үзүлбөйт. Өзгөчө Түштүк – Кытай деңизинин “Ажыдаар падышасынын” храмы элдин көңүл чордонунда. Тоонун чокусунда “Жазуу дубалы” да орун алган. Ал жакка каалаган ой – тилегиңизди жазып кетсеңиз болот. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)