“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

03/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Форумдун ачылышында сөз сүйлөө учурунда.

“Тарыхын билбеген элдин келечеги жок”, - демекчи, акыркы жылдары Кыргыз жергесинде тарыхка, маданиятка өзгөчө басым жасалып, бараандуу иш-аракеттер аткарылып келе жатат. Эң эле жөнөкөй мисал, Көчмөндөр оюну. Ушундай иш-чараларды эл аралык деңгээлде өткөрүп, Кыргызстандын атын дүйнө элдерине таанытканга жетиштик. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхына, кыргыз маданиятына ар дайым колдоо көрсөтүп, аны өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жаткандыгы баарыбызга маалым. 

Мына, дагы бир ушундай мыкты саамалык, 20-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форуму” болуп өттү.

Форумдун башкы максаты - Алтай тобундагы элдердин арасында маданий, этникалык жана тарыхый байланыштарды чыңдоо болду. 

Форумга Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын депутаты Иван Белеков, Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын Төрагасы Александр Жирков дагы катышып, өз куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Эл аралык форумдун ишине 12 өлкөдөн келген 100дөн ашуун алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр катышышты.

“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

Коноктор музейди кыдыруу учурунан бир көз ирмем.

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев: “Алтай - кыргыз элинин тарыхынын маанилүү, ажырагыс бөлүгү өткөн аймак”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Форумга катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өз сөзүн, Форумдун катышуучуларына ыразычылык билдирүү менен баштады. Мамлекет башчысы кыргыздар үчүн бул эл аралык форумду өткөрүү абдан чоң мааниге ээ экендигине басым жасап, Алтай – кыргыз элинин тарыхынын маанилүү, ажырагыс бөлүгү өткөн аймак экендигин белгиледи.

Президент өз сөзүндө: “Алтай тилдүү тектеш элдер бүгүн түндүгүндө Якутиядан тартып түштүгүндө Түркия менен Иранга чейинки, батышында Венгрия менен Карелиядан тартып чыгышында Жапония менен Кореяга чейинки кеӊ мейкиндикти байырлашат. Албетте, Алтайдын өзүндө, Оролдо, Волга боюнда, Борбор Азияда, Монголияда жана Кытайдын көз жеткис аймактарында отурукташкан. Россиянын жана Кытайдын элдерин кошкондо бул аймактар эбегейсиз географиялык жана тарыхый-маданий регион, Евразиянын өзүнчө бир «континенти» болуп саналат.

Мен Россиянын жана Кытайдын элдерин жөн жеринен алтай тилдүү тектеш элдерге кошкон жокмун. Биздин элдердин жалпы тарыхы, тыгыз маданий жана социалдык алака-катыштары бар. Андан да аларды кандаш тууганчылык да бириктирет”, - деген оюн айтып өттү. 

Ал эми, 21-июль күнү иш-чара Ысык-Көлдүн Чоң Сары-Ой жергесинде улантылып, Форумдун катышуучулары Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун ачылышына күбө болушту.

 Мамлекет башчысы борбордун ачылыш аземинде сөз сүйлөп: “Көчмөндөр цивилизациясы борбору көптөгөн адамдарга өз пайдасын алып келет. Бул чындык. Бирөөсүнүн руханий дүйнөсүн байытса, кээ бири жакшы акча таап алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мисалы, жергиликтүү калк үчүнабдан пайдалуу. Сырттан канча көп турист келсе, аймак үчүн ошончо жакшы.”, - деген оюн билдирди. Мындан сырткары, борбордун аймагына ар бир мамлекет өзүнүн павильонун курууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин дагы белгиледи.

“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

Форумдун катышуучулары, Кыргызстандын белгилүү илимпоздору: (солдон оңго карай) Тарых илимдеринин кандидаты, профессор, журналист Кыяс Молдокасымов, Филология илимдеринин кандидаты, доцент, түрколог Таалайбек Абдиев, Тарых илимдеринин кандидаты, профессор, археолог Кубатбек Табалдиев.

Таалайбек Абдиев, Филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, түрколог: “Көчмөндөр цивилизациясы борбору - Кыргызстандын бренди ”

“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумунун” катышуучусу Таалайбек Абдиев болуп өткөн иш-чара тууралуу өз ою менен бөлүшүп, “Алтай цивилизациясы” терминине түшүндүрмө берип кетти.

- Тил илиминде “Алтай тил бүлөсү” деген түшүнүк бар. Ага түрк тилдери, монгол, тунгус-манчжур, жапон жана корей тилдери кирет. Бул теория мындан бир кылым мурун айтылып, андан бери бул багытта бир катар эмгектер жазылып далилденип келет. Албетте, теорияга каршы чыккандар дагы бар. Бирок, тилдик материалдарга таянсак, алтай элдеринин тектештиги бир топ эле далилденип калды десек болот. Ушул теориядан улам азыр “Алтай цивилизациясы” деген түшүнүк пайда болуп жатат. 

Алтай тил тобуна кирген элдердин экономикалык, маданий жана башка өтмүшү, ошол “цивилизация” деп аталууга туура келет. Мына ушундан улам тилдик тектештиктин негизинде, “Алтай цивилизациясы” деген түшүнүк жайылып жатат. 

Бул Форум, демилге Кыргызстан үчүн бир топ пайдалуу болот. Анткени, бул иш-чаранын ары жагында албетте, экономикалык байланыштар турат. Алтай тил тобуна кирген элдердин арасында экономикалык, маданий ж.б. кызматташтыктарга жол ачат деп ишенсек болот. Анткени Форумга Россия Федерациясынан Татарстандын, Башкортостандын президенттери, Якутиянын спикери, Алтайдан Думанын делегаттары келди. Ушунун өзү эле иш-чаранын маанилүүлүгүнөн кабар берет.  

Илим изилдөө жаатында дагы өнүгүү болот, кызматташтык бекемделсе, биринчи кезекте илим изилдөө иштеринин биргелешеп алып кетүүгө өбөлгө түзөт. Анткени, бул жерде бир эле тилдердин тектештиги эмес, маданий тектештик, тээ байыртан келе жаткан экономикалык байланыш катыштар бар. Ошонун баары толук деңгээлде изилдене элек. Эми, ушул багыттагы иштерге жол ачылат деген үмүт бар. 

Чоң Сары-Ойдогу музей тууралуу айта турган болсок, көчмөндөр цивилизациясын тастыктаган мыкты бир музейдин башаты. Себеби, жакшы музей бир күндө же бир жылда жыйыла койбойт. Акырындап өз атын актайт, экспонаттар бара-бара толукталат. Мындан тышкары ал жерде, ошол түрк тилдүү түптөн башка, “Алтай тил тобуна кирген элдердин бардыгынын павильону ачылат”, - деп биздин президент Алмазбек Атамбаев дагы айтып кетпедиби. Ушундай бардык жактан колдоонун негизинде жакшы иштер аткарылат деген үмүттөмүн.  

Менин оюмча, бул Көчмөндөр оюндары сыяктуу эле Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу бирден-бир бренд болуп калмакчы.  

“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

Музейдин ачылыш аземи. Лентаны кесүү урматы КРнын Президенти А. Атамбаевге, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитовго, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын депутаты Иван Белековго жана Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын Төрагасы Александр Жирковго тапшырылды.

Аида Алымова, Тарых илимдеринин кандидаты, Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун директору: “Борбордо 500дөн ашуун экспонат эл алдына коюлган”

 - Жакында эле, бардыгыбыз билгендей “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин форуму” болуп өттү. Ал Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн Чоң Сары-Ой жергесинде улантылды. Мына, ушул форумдун алкагында Ысык-Көлдө Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борбору ачылды. 

Бул демилге кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок. Биз, көптөн бери ушул иштин үстүндө иштеп, “көчмөн маданиятын тастыктаган борбор болушу керек”, - деп аракет кылып келгенбиз. Анан, Алтай форуму менен биздин идеябыз бир багытка келип, ушундай көчмөндөр цивилизациясын толугу менен ичине камтыган борборду курууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

Аида Алымова.

Өкмөт тарабынан дагы “Көчмөндөр оюну” темасын улай, “Көчмөн маданиятын көрсөтүү үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен жер тилкеси бөлүнүп берилиши керек”, - деген дагы чечим кабыл алынган экен. Ушундай ар тараптуу колдоонун негизинде көтөрүлгөн демилге ишке ашты. Каржылоо толугу менен мамлекеттик казынадан каралды. 

Алгач биздин борбор “Курманжан Датканын мемориалдык-тарыхый борбору” катары ачылган. Бул жакта мамлекеттин тарыхын көрсөтүү максаты алдыга коюлган эле. Анан, музейдин жаңыдан ишке кириши менен, биз Кыргызстандын башка аймактарынан дагы экспонаттарды алып келүү иштери менен алектене баштадык. Ушул иштин натыйжасында бардык аймактардын тарыхын, маданиятын көрсөтүүгө шарттар түзүлдү. 

Музейдин “Алтай конушу” аттуу экспозициясында Коло доорундагы Андрон археологиялык маданиятынан баштап көрүүгө болот. (Кыргызстандагы коло доору б.з.ч. 3 (2) миң жылдыктан-1 миң жылдыктын башы аралыгындагы мезгилди камтыйт. Андрон уруулары алгачкы көчмөндүк жашоо образы менен жашаган уруулар болгон).

Байыркы археологиялык баалуу табылгалардан сырткары, алтай калктарынын кол өнөрчүлүгүн даңазалаган кийиз буюмдарын, жыгачтан жасалган эмгектерди, кымбат баалуу зер буюмдарды ж.б. көрүп, баа берүүгө толук шарт түзүлгөн.

Борбордун ачылышында, Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан эки тарыхый белек музейге тартууланды. Бири, алтын бет кап, бул белек өзүнүн уникалдуулугу менен абдан баалуу, алтындан жасалып, кошумча баалуу таштар менен кооздолгон. Экинчиси, чанда кездешчү байыркы тарыхый картанын көчүрмөсү. 

Борбордо 500дөн ашуун экспонат эл алдына коюлган. Алтай калктарынын жашоо-образын толук кандуу чагылдыруу максатында, борбордун аймагына 30 боз үй салынды. Бул боз үйлөр үч күн катары менен келген конокторубузду кубандырып турду.

Ал эми, азыркы тапта, музей өз күйөрмандарын кабыл алууда. Бул иш-чара 31-августка чейин созулмакчы. Каалоочулар үчүн ар дайым эшик ачык. Дүйшөмбү күндөрү гана тазалоо иштерине байланыштуу музей жабык болот.    

Убакыттын өтүшү менен көргөзмөнү өнүктүрүп, жаңылайбыз. Ал эми, ал жакта тематика башка болуп, жаңы экспонаттар менен толукталат.

Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору алгачкы гана кадамдарын таштады десек болот. Алдыда аткарылчу иштерибиз абдан көп. Атына жараша, бул демилгенин жоопкерчилиги да абдан зор. Буюрса, келечекте Кыргызстандын атын чыгарган мыкты иш-чараларды аткарабыз деп ишенем.

“Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды

Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору.

“Алтай цивилизациясы жана тектүү алтай тектүү элдери” эл аралык форумунун декларациясы 

Биз, “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” эл аралык форумунун катышуучулары, элдерибиздин жалпы тарыхый-маданий мурастарына негизденип, кызматташуунун жаңы этабына өтүүгө умтулуу аракети менен биригип:

● Алтай адамзат цивилизациясынын бир бешиги болуп эсептелип, кылымдар бою элдерибизди жалпы тарыхы жана маданияты аркылуу байланыштырып келерин белгилейбиз;

● азыркы шарттарда алтай тектүү элдердин жалпылыгынын идеясын  изилдөө  жана өнүктүрүү, алтай цивилизациясын изилдөө жана жайылтуу боюнча илимий изилдөөлөргө жаңы дем берүүгө багытталган  Кыргыз Республикасынын аракетин колдоого алабыз;

● алтай цивилизациясына кирген  жана алтай тектүү элдердин тилин, тарыхын, маданиятын изилдөөгө салым кошкон саякатчылардын жана изилдөөчүлөрдүн мууну алдында таазим этебиз;

● жалпы тектеш элдердин алтайлык тарыхый-маданий жана энтогенетикалык тегин изилдеген илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана илимдердин  азыркы абалын, ошондой эле алардын ортосундагы илимий-билим берүү, маданий байланыштарынын калыптанган моделдерин жана тажрыйбасын көңүлгө алабыз;

● кайталангыс маданияттарды жана тилдерди сактоонун, алтай элдеринин тарыхый-маданий мурастарын тереңдеп изилдөөнүн жана жайылтуунун маанисин түшүнөбүз;

● жаратылыш менен шайкеш жашоо элдерибиздин эң жогорку салттуу баалуулуктарынын бири болуп саналаарын моюнга алабыз, келечекте алардын мааниси улам өсө бериши  аларды изилдөөнү жана жайылтууну шарттайт;

● жалпы алтай тектүү элдер менен өлкөлөрдүн ортосундагы илимий-билим берүү жана маданий байланыштарын өнүктүрүүнүн жаңы этабы элдерибиздин жана кызыкдар өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө, кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз;

● Форум алтай цивилизациясынын элдеринин илимдеги, билимдеги жана маданияттагы жетишкендиктерин жалпылоо, эл аралык комплекстүү гуманитардык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дайыма иштеген аянтча  жана натыйжалуу механизм болуп калат деп ишенебиз;

●Форум алтай  цивилизациясынын мурастарын сактап калууга жана өнүктүрүүгө салым кошот жана ал мурастарды цивилизациялардын жана маданияттардын глобалдуу диалогунун бөлүгү катары   кийинки муундарга   өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Жогоруда баяндалгандарга таянып, Форумдун жыйынтыгы менен алтай цивилизациясынын элдери жашаган Евразия мамлекеттеринин жетекчилигине кайрылабыз:

1.Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин Алтайда  “Алтай цивилизациясы” тарыхый-маданий борборун  түзүү идеясын колдоого алуу.

2. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында “Алтай цивилизациясын изилдөө институту” эл аралык илимий-изилдөө борборун уюштуруу идеясын ишке ашырууга  көмөк көрсөтүү, ошондой эле  ага караштуу эл аралык эксперттик жана камкорчулар кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

3.Евразиянын мейкиндигинде түзүлүп,  евразия өлкөлөрүнүн интеграциясын чыңдоого умтулган аймактык уюмдар менен өз ара аракеттенишүү.

4. Комплекстүү дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдүн программаларын ишке ашырууну, илимий, маданий, гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен, жыл сайын алардын отчеттук материалдарын жыйноо менен, борборлоштуруп координациялоо менен, археологиялык жана тарыхый-маданий эстеликтерди, жазма булактарды биргелешип  изилдөөнү демилгелөө. 

5. Тилдерди жана маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү максатында туруктуу негизде окумуштуулар, маданият жана искусство ишмерлери менен алмашууларды уюштуруу, алтай тектүү элдердин жалпы тарыхый-маданий жана этногенетикалык байланыштарын жайылтуу.

6. Жаңы  жана актуалдуу изилдөөлөрдү жарыялоо үчүн “Алтай цивилизациясы” илимий-популярдуу басылма жана электрондук журнал  чыгарууну уюштуруу, ал изилдөөлөрдүн  натыйжаларын жайылтууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын кеңири пайдалануу.

7.Конференциялар аралыгында уюштуруу комитетинин жумушчу отурумдарын  уюштуруу менен,  Форумду жыл сайын өткөрүүнү сунуштоо.

22-июль 2017-жыл


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)