Мэн Сянкунь: “Биздин компания үчүн - коопсуздук башкы орунда”

27/07/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Мэн Сянкунь: “Биздин компания үчүн - коопсуздук башкы орунда”

Компаниянын башкы кеңсеси, Үрүмчү шаары.

Азыркы учурда, соода борборлоруна, бийик имараттарга киргенде лифтке же болбосо эскалаторго түшүү көнүмүш нерсе. Аларга түшүп жатып эч кимибиз деле, анын ким тарабынан жасалганын, кандай компаниянын продукциясы экендигине кызыгып көрбөсөк керек. 

Бирок ушундай көнүмүш нерсе, жашоонун ажырагыс бир бөлүгүнө айланган. Кокусунан лифт иштебей калса, анын баркы дароо сезилип, эмне кылаарыбызды билбей калабыз.

Мына, “ушундай көнүмүш” бирок, адам жашоосунда маанилүү орунду ээлеген лифттин түрлөрүн, эскалаторду чыгарып, аны орнотуу, оңдоп - түздөө иштерин жүргүзгөн Кыргызстанда бир канча компания бар. 

Алардын бири “Тянь Шань Лифт” компаниясы.  Биз бул компания тууралуу кенен маалымат алуу максатында, анын Кыргызстандагы жетекчиси Мэн Сянкунь мырза менен маек курдук. 

“Компания “Тянь Шань лифт” 24 саат бою эл кызматында” 

 - Компаниянын башкы кеңсеси, анын жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Биздин компаниянын башкы кеңсеси Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында жайгашкан. Ал 1997 - жылы негизделип, өз ишмердүүлүгүн баштаган. Негизинен биздин компания, Синьцзян жоопкерчилиги чектелген “Тянь Шань” компаниясы, лифтерди даярдоо боюнча адистешкен. Бул ишкана, Синьцзяндагы долбоорлоштуруу, иштеп чыгаруу, өндүрүү, сатуу, оңдоп - түздөө жана заманбап комплекстүү адистешкен лифт ишканаларын тейлөө боюнча бирден - бир алдыңкы компания болуп эсептелет.

Негизги капиталы миллиарддан ашык юанды (юань - Кытай Эл Республикасынын акча биримдиги, 1 юань 10 сомго барабар) түзөт. Ишкана беш филиалга ээ. Аларды атай кетсек: Синьцзян жоопкерчилиги чектелген “Сы Найтэ” компаниясы, ( бул уюм негизинен эскалаторлорду даярдоо менен алектенет) эл аралык соода компаниясы “Тянь Най”, ал эми лифтерди орнотуу жана тейлөө багытында иш алып барган филиалдар булар, Казакстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда жайгашкан “Тянь Шань лифт” компаниялары. Мындан сырткары компания 15тен ашык агенттиктерге ээ.

Мэн Сянкунь: “Биздин компания үчүн - коопсуздук башкы орунда”

Ишмердүүлүктүн бир багыты.

- Кыргызстанда канчанчы жылдан бери иштеп келе жатасыздар? 

- Биздин компаниянын филиалы Кыргызстанда 2009 - жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алгачкы жылы шаар боюнча 9 лифт сатылып, орнотуп бергенбиз, ал эми, 2013 - 2014-жж. биздин Бишкектеги филиал үчүн жемиштүү жылдардан болду десек болот. Себеби, дал ушул жылдар аралыгында компанияда өнүгүү болуп, буйрутмалар көп түшүп, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алганбыз.

- Азыркы мезгилде филиалдын абалы кандай?

- Бул жылы болсо, биздин компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү начарлап, сатуу иштери абдан солгундады. Себеби, бардыгыбыз билгендей Кыргызстанда Турция фирмалары абдан көп. Азыркы тапта, Бишкекте курулуп жаткан көптөгөн имараттарды түрк ишкерлеринин курулуш компаниялары тургузууда. Ошол себептен бул багытта иш алып барган түрк фирмалары менен атаандаштык күч болууда. Лифт жана эскалаторлорду өндүрүү тармагында иш алып барган Бишкекте ондон ашык компания бар. Алардын ичинен төртөө Кытай ишкерлерине тиешелүү.  

Биздин кызматты, азыркы мезгилде Кыргызстандагы соода борборлор, ар кандай уюмдар колдонуп келишүүдө. Мисалы, ЦУМ, Бета Сторес, Жаннат мейманканасы, Манас аэропорту ж.б.

 - Чыгарылган продукцияны орнотуу иштеринде коопсуздук маселеси кандай каралат?

- Компания жеке гана сапаттуу лифтти өндүрүүгө басым жасабастан, аны жабдыктар менен тейлөө иштерине дагы өзгөчө көңүл бурат. Бардыгыбыз билгендей, бул ишмердүүлүктүн өзөгүн коопсуздук маселеси түзүшү керек. Ошол себептен биз дагы коопсуздук ишин катуу көзөмөлгө алабыз. Андыктан, лифт жана эскалаторлорду орнотуу жана оңдоп - түздөө иштери үчүн, атайын Кытайдан күчтүү адистерди алып келебиз. Алар жок дегенде он жылдан ашык ушул тармакта иштеп келген кызматкерлер. 

Туура жана так коюлган лифт болобу же эскалаторбу, келечекте жакшы кызмат өтөйт. Башкача айтканда, аларды ийгиликтүү орнотуу биздин компания үчүн дагы, колдонуп жаткан эл үчүн дагы башкы мааниге ээ. Бул адам жашоосу үчүн абдан маанилүү. 

 - Тейлөө кызматыңыздар тууралуу айтып кетсеңиз?

- Биздин компания тейлөө кызматы жагынан алдыңкы орунда десек болот. Себеби, 24 саат бою, кардардын буйрутмасын аткарууга даяр. Ошондуктан күнү - түнү иштеп келебиз.

Мэн Сянкунь: “Биздин компания үчүн - коопсуздук башкы орунда”

Компания жармаңкелерге дагы активдүү катышып турат.

 “Бүгүнкү кылган ишибиз, биздин эртеңки жүзүбүз болот”

- Лифттин бардык түрлөрүн буйрутма кылууга болобу? 

- Ооба, бизде лифттин бардык түрүн буйрутма кылууга болот. Мисалы, бийик кабаттуу үйлөргө салынуучу жүргүнчү ташуучу лифт, ооруканаларга ылайыкталган лифт, оор жүк ташуучу, унааларды ташуучу лифт ж.б. Булардын ар биринин өзүнө ылайык калыпка салынган стандарттары болот. Ошого жараша иштер аткарылат.    

- Баалары боюнча айтып кетсеңиз?

- Баалары азыркы тапта абдан арзан. Дагы да болсо баасын түшүрүү менен бирге рынокко чыгуу үчүн иштер жүргүзүлүп жатат. Турция фирмаларына салыштырмалуу баасы кымбатыраак, себеби өндүрүштө колдонулган материалдар бир - биринен кескин айырмаланат. 

- Кыргызстандагы филиалда канча кызматкериңиз бар, жергиликтүү калктан канча киши иштейт?

- Бул жакта биз чакан гана компания ачканбыз. Биз негизинен заказдарды гана кабыл алуу менен алектенбиз. Ал эми продукциялар Үрүмчүдөн даярдалып, толугу менен коюуга ылайыкталып келет. Башында айтып кеткендей, орнотуу жана оңдоп - түздөө иштери менен Кытайдан чакырылып келген адистер иш алып барышат. Ал эми, азыркы тапта Кыргызстандан котормочубуз жана бухгалтерибиз гана бар. 

- Жалпысынан ушул жылдар аралыгында канча лифт сатып, ишке киргизип бердиңиздер?

-  Негизинен, биздин компания кыргызстандыктар тарабынан жакшы кабыл алынды. Сапаттуу продукциясы жана тейлөө кызматынын жогорку деңгээлде болушу менен өз кардарларын таба алды десем болот. Ушул жылдар аралыгы 100дөн ашуун продукциябызды саттык. 

- Сөз соңунда кошумча эмнени айтаар элеңиз?

- Биздин компаниянын башкы максаты - кардарларын ар качан жогорку сапаттуу продукция менен камсыз кылып эле тим болбостон, мыкты тейлөө иштерин жүргүзүү. Биздин кызматтын өзөгүн коопсуздук түзөт. Бүгүнкү кылган ишибиз, биздин эртеңки жүзүбүз болот. Ошондуктан мыкты кызмат көрсөтүү компаниянын келечеги үчүн дагы абдан маанилүү. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)